Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 25.03.2019 16:30 Жаңыланды: 25.03.2019 20:08 На русском

«3 балалуу кишиге турмушка чыктым, ал тоок союп эле үйүнө киргизип алды»: 100 жаштан ашкан Мастан апа (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Жар-Коргон айылынын тургуну Мастан Суранова туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү маалымат боюнча 115 жашка толду. Анын колундагы документте 1904-жылы туулган деп жазылса дагы, эне өзү быйыл туура 100гө чыкканын билдирди.

Аны багып жаткан келини учурда бир кылымды карыткан эненин көзү көрбөй калганы эле болбосо, жетелесе басып, акылы тунук экенин айтты. 100гө чыккан эне менен аймактык кабарчы таанышкан.

Мастан эне Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде тракторист болуп иштеп, кийин согуш аяктаганда кырманда ашпозчу болуп эмгектенген.

«Согуш башталганда эркектердин баары согушка кетип, талаа жумуштары аялдар менен чалдарга калды. Райондук аткаруучу комитет тракторго отургузуп, "жер айдайсың" деди. Аны бир көрүп эле үйрөнүп кеттим. Талаада жер айдап жүргөн жеримден эле чакыруу келди деп, Кызыл-Кыяга алып кетип калышты. Папан, Көк-Бел айыл аймактарынан 18 аялды чогултушуп, 5 күн жарылган жерлерди тегиздетип, дөңсөөлөрдү түздөттү. Андан соң бир эркек, бир аял кылып бөлүп, шахтага жиберишти. Ошол жерден акылыма келип, бригадирге тракторист деген документимди көрсөттүм. Ал шахтада жүргөнүмө таң калып, "тез жөнө" деди. Эки келин жалдыраганынан аларды дагы кошо алып, качып жөнөдүк. Бир да унаа чыкпагандыктан Кызыл-Кыядан Ноокатка тоо-адырларды ашып жөө келгенбиз. Атам көрүп: "мамлекеттин ишинен качып келдиңби" деп чочуп кеткен», - деди Мастан эне.

Согуш бүткөндөн кийин турмушка чыккан Мастан апанын 6 баласы, 38 небереси, 96 чөбөрөсү жана 34 кыбырасы бар.

«Согуш бүткөн мезгилде 25 жашга чыгып калгам. Атам 3 балалуу, аялы каза болуп калган кишиге турмушка узатып койду. Алар мени бир тоок союп эле үйүнө киргизип алышты. Ал убакта жаштар согуштан кайткан эмес окшойт. Атам эмнеге улуу кишиге турмушка бергенин деле түшүнбөптүрмүн. Экөөбүз 3 балалуу болдук (жолдошу мурунку жубайынан 3 балалуу болгон, жалпы 6 бала). Ал мезгилде талаага картошка, пияз, сабиз, помидор дегендер эгилчү эмес. Буудай, арпа гана өстүрүп, ундан атала, загара нан (жүгөрүнүн унунан жасалган нан) жасап жечүбүз. Азыр тамактын, мөмө-жемиштин түрлөрүн көрүп таң калам», - дейт кылым карыткан эне.

Анын айтымында, согуш аяктагандан кийин ачарчылык болуп, буудайды көп эгүү тапшырылган. Мастан эне кырманчыларга ашпозчу болуп, күнүнө 1 кап ундан камыр жууручу.

«Балдарымды этегиме жабыштырып алып жумушчуларга нан бышырам, атала жасайм. Баары таң калып, аксакалдар бата беришет. Ошол бата кабыл болуп, узак жашап жатсам керек», - деди Мастан апа.

Учурда анын эң кичүү уулу 60 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×