Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 21.03.2019 13:46 На русском

Ноокатта бир күндө 10 чөө атылды (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунда бир күндө 10 чөө атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн Ноокат району боюнча аңчы адиси Мухтар Абдырахманов билдирди.

16-март күнү Ноокат районунун Кулатов жана Төөлөс айыл аймактарында райондун 30дан ашуун мергенчилери бир күндө 10 чөө атышты. Рейд Ноокат РИИБдин башчысынын кайрылуусунун негизинде өттү. Мындай иш-чаралар жырткычтарды жок кылуу максатында Ош облусунун бардык аймактарында өтүүдө. Иш-чараны Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу жетекчисинин орун басары Турат Сатимбаев өзү жетектеп жатат.

Жырткычтар айыл чарбасына жана коен, суур, кекилик, кыргоол сыяктуу жапайы жаныбарларга зыян келтирип жаткандыктан аталган рейд уюштурулган. Карышкырларды жана чөөлөрдү аткандарга сый акы дагы белгиленген. Карышкырдын дөбөтү жана ургаачысы үчүн 6000 сом, бөлтүрүгү үчүн 1500 сом, чөө үчүн 2000 сом төлөнөт. Жырткычтарды жок кылуу өкмөттүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 «Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун негизинде жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×