Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 20.03.2019 11:16

Сүрөт — Жазуучу Мырза Гапаров студент кезинде алган чемоданын көзү өткөнчө көтөргөн

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы прозаик, драматург Мырза Гапаровдун атын алып жүргөн мектеп-гимназиясында жазуучунун музейи бар. Учурда музейде жазуучуга таандык буюмдар аз болгондуктан, тарыхый-этнографиялык музейи менен бириктирилген.

«Мектеп 2003-жылы Мырза Гапаровдун атына өтүп, 2005-жылы бир бөлмө бөлүнүп, музей уюштурулган. Музейде жазуучу колдонгон машинка, чемодан, телефон, радио, кол жазмалары, күндөлүгү сакталган. Буюмдарды топтоодо анын жубайы жардам берди. Бардык чыгармаларынын алгачкы кол жазмалары бар. Досторуна, жубайына жазган каттары сакталып турат. Чемоданын студент кезинде сатып алып, көзү өткөнчө көтөргөн экен», - деди аталган гимназиянын директору Акмарал Тиллаева.

Ал эми тарыхый-этнографиялык музейдеги буюмдарды мектеп окуучулары үйлөрүнөн таап келишкен. Алар илгери таене жана таяталары, чоң эне, чоң аталары колдонгон буюмдарды алып келишсе, тарыхчы алардын кайсы доорго таандык экенин аныктап, музейге койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×