Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 20.03.2019 10:47

Мирмахмудов айыл өкмөтүндө Шухрат Гафаровдун жетекчилиги менен 10 социалдык объект курулду

Turmush -  Шухрат Гафаров 2008-жылы Ноокат районундагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип, 2014-жылы айыл өкмөт башчысы болуп шайланган. 2017-жылы экинчи ирет кайрадан айыл өкмөт башчылыкка барган.

Айыл өкмөт башчы

Бул айыл өкмөттө 2014-жылдагы бюджет теңдөөчү гранттар менен кошо 6 млн сомду түзсө, бүгүнкү күндө 25 млн сомго көбөйгөн. Мирмахмудов айылы 2014-жылы өзүн 32,7% менен камсыздаса, учурда бул көрсөткүч 79% болду.

Ноокат районунун А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жалпысынан 6 айыл бар. Алар: Чапаев, Барын, Арал, Кара-Кокту, Капчыгай жана Буудайлык. Айыл аймактагы калктын саны 2019-жылдын 1-январына карата 23 миң 644 адамга жетти.

Айыл өкмөттө 2018-жылы жалпысынан 10го жакын чоң көлөмдөгү социалдык объектилер курулуп, пайдаланууга берилди. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдар, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттар, коомчулуктун (кол эмгеги, азык-түлүк продукциялары, техника кызматы жана башкалар) салымы жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 400 млн 796 миң 668 сомдук жумуштар аткарылган. 2015-2018-жылдары айыл аймактын 7 миң 370 метр ички жолдоруна асфальт төшөлгөн. Бул жумуштар республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылып, жалпысынан 29,2 млн сом акча каражаты сарпталды. Анын ичинен 18,2 млн сому республикалык бюджеттен, калган 11 млн сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган. 2015-2018-жылдары айыл аймактын 45,1 км ички жолдоруна шагыл төшөлүп бүттү. Бул иштерди аткарууга жергиликтүү бюджеттен 5,2 млн сом акча каражаты сарпталган.

Чапаев айылынын Коргошун талаа участкасындагы ФАПтын курулушу 2017-жылы башталган болчу. Ал 2018-жылдын март айында пайдаланууга берилди. Бул долбоордун жалпы баасы 2 млн 655 миң 792 сомду түзүп, мамлекеттик дем берүүчү гранттан 1 млн 960 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 695 миң 850 сом акча сарпталган.

Ошондой эле 2018-жылы «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун финансылык каржылоосу менен Барын айылынын Таш-Коргон тилкесинин 1,43 га аянтына социалдык объектилердин комплекси курула баштады. Комплекс өз ичине мечит, мектеп, балдар үйү жана клиниканы камтып, долбоордун жалпы баасы 300 млн сомду түздү. Анын 500 миң сому жергиликтүү бюджеттен, 1 млн 250 миң сому коомчулуктан каржыланса, калган 297 млн 500 миң сому фонд тарабынан берилди. Азыркы учурда клиника менен мечиттин имараты толугу менен бүтүп, мектеп менен балдар үйүнүн имаратынын курулушу улантылууда.

Чапаев айылынын Беш-Тал тилкесиндеги Ахмад Яссавий атындагы мечиттин имаратынын курулушу 2018-жылдын ноябрь айында аяктады. Бул имараттын курулушу Сауд Арабиядагы демөөрчүлөрдүн жардамы жана жергиликтүү жамааттын колдоосу менен бүткөрүлүп, долбоордун жалпы баасы 60 млн сомго бааланды.

2018-жылы Барын айылында «Имам ат - Термизий» атындагы медресенин кыз-келиндер бөлүмүнүн имараты да курулуп бүткөрүлдү. Бул долбоордун жалпы баасы 18 млн сомду түздү.

2018-жылда Кыргыз-Ата дарыясынын жээктеринде жашаган элдин коопсуздугун камсыздоо максатында ӨКМ тарабынан 580 даана габиондук торчолор алып келип, орнотулду. Бул жумушту аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 360 миң сом акча каражаты сарпталган.

Айыл өкмөттө аткарылган иштер

2018-жылы айыл өкмөт Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги менен кызматташып, Чапаев айылынын Беш-Тал участкасындагы «Келечек үмүттөрү» бала бакчасына кошумча имарат куруу боюнча жалпы баасы 1 млн 200 миң сомдук долбоорду ишке ашырды. Долбоордук сумманын 1 млн сому донор уюм тарабынан каржыланса, калган 200 миң сому жергиликтүү бюджеттен сарпталды. Бул долбоор боюнча аталган бала бакчага ашкана жана 6 көздүү ажаткана курулду. Ошондой эле бала бакчанын 160 чарчы метр дубалы жаңыртылды.

2018-жылда жаңы конуштарга турак жай куруп чыккан тургундарды электр энергиясы менен камсыздоо максатында 3 даана КТП орнотулуп, 3,5 км ЛЭП тартылды. Бул жумуштарды аткарууга жергиликтүү бюджеттен 3,5 млн сомдон ашык каражат сарпталган.

Айыл аймактын Чапаев жана Барын айылдарына таза суу чыгаруу максатындагы (жалпысынан 8,6 км, 800 га жакын кожолук таза суу менен камсыздалды) долбоордун жалпы баасы 3 млн 450 миң 500 сомду түзүп, анын ичинен 1 млн 900 миң сому жергиликтүү бюджеттен, 950 миң сому коомчулук тарабынан, калган 600 миң 500 сомдук ун-май түрүндөгү продукция БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы долбоору тарабынан каржыланды.

Ошондой эле БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорунун алкагында Барын айылынын Аэропорт участкасына жүндү кайра иштетүүчү цех уюштурулуп жатат. Бул долбоорго жергиликтүү бюджеттен 750 000 сом сарпталып, имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлсө, БУУнун программасы тарабынан 2 млн 320 миң 500 сомдук жабдууларды алып келүү пландалууда. Жыл аягына чейин бул долбоор аяктайт.

Айыл аймактагы калктын ден соолугунун чыңдалышына шарт түзүү максатында Чапаев айылынын Коргошун талаа участкасындагы спорт залдын имараты жана жылытуу тармагы оңдолуп, керектүү спорттук шаймандар менен толукталды. Бул долбоорго жалпысынан 2,2 млн сомдун тегерегинде акча каражаты сарпталып, анын ичинен 202 миң сом жергиликтүү бюджеттен, калган 1 млн 998 миң сому жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Жалпылап айтканда, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү тарабынан 2018-жылы жалпысынан 10го жакын чоң көлөмдөгү социалдык объектилер курулуп, пайдаланууга берилди. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдар, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттар, коомчулуктун салымы жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 400 млн 796 миң 668 сомдук жумуштар аткарылды.

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү 2019-жылда дагы эл аралык донордук уюмдар, республикалык каржылоо булактары, демөөрчүлөр, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу менен калктын социалдык абалын жакшыртуу үчүн көптөгөн долбоорлордун үстүндө иштей берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×