Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуНоокат району 19.03.2019 15:23 На русском

Өзгөчө кырдаалдар министри Н.Мирзахмедов Ош облусун кыдырууда (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 18-март күнү өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ош облусундагы сел, суу ташкыны коркунучу бар аймактарды кыдырып жүрөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач министр Ноокат районундагы кооптуу объектилерге барып, Жатан айылындагы Кыркоол-Сай дарыясынын оң жээгиндеги абал менен таанышты. Кыркоол-Сай дарыясынын аркы өйүзүнө отурукташкан эл каттаган жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн абалы менен таанышты. Аталган көпүрө аркылуу көбүнчө мектеп окуучулары мектепке барышат. Министр көпүрөнүн маселесин тез арада чечүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле Кашкалдак айылындагы №1 «Мазар-Сай» сел тосмосунун абалы менен таанышып, сел тосмону калыбына келтирүү боюнча тиешелүү адистерге тапшырма берди. Андан соң министр Кеңеш айыл аймагынын Байыш айылындагы сел агуучу сайдын 552 метр аралыгын тазалап, жээк бекемдөө иштеринин аткарылышы менен таанышты. Аталган аймакта 2018-жылы министр Н.Мирзахмедовдун буйругунун негизинде 300 даана габион торчолору бөлүнүп берилип, жээк бекемдөө иштери сапаттуу аяктаганын жергиликтүү бийликтин өкүлү билдирди.

2019-жылы сел, суу ташкындарын алдын алуу максатында Ноокат районунда жалпысынан 6 объектиде жумуштарды аткаруу пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×