Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 18.03.2019 10:38

Ноокатта турак үй толугу менен өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 27 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 18-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Ноокат районунун Исанов айыл аймагынын Күңгөй-Кожоке айылында аянты 106 чарчы метр турак үй толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Жараке айылындагы сарайдын 48 чарчы метр чатыры, 70 боо чөп жана 1 тонна жайылган чөп өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Кырсык отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан улам келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×