Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 07.03.2019 10:29 На русском

«Таштанды менен камыр аралашып, дубал көгөрүп кеткен»: Ноокаттагы ашканалар (сүрөт)

Turmush -  Ноокат шаарындагы айрым ашканалар санитардык нормаларга жооп бербейт. Ашкананын дубалы көгөрүп, тамак жасоочу жайда таштанды менен камыр аралашып турганы тартылган сүрөттөрдү жергиликтүү жашоочу жөнөтүп, нааразычылык билдирди.

Анын айтымында, бул ашканалар талаптарга жооп бербегенине карабай, жашоочуларга кызмат көрсөтүп жатат.

Ал эми райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Эртабылды Көккөзов билдиргендей, ашканаларды арыз жазылгандан кийин гана текшерүүгө болот.

«Быйыл кабыл алынган ишкерлерди колдоо мыйзамы боюнча биз кирип барып эле текшергенге акыбыз жок. Качан гана арыз жазылганда прокуратура менен чогуу текшере алабыз. Буга чейин жылына 1-2 жолу текшерип турчубуз. Биз барганда тартипке келип калчу эле. Учурда мониторингдин негизинде гана түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз», - деди Эртабылды Көккөзов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×