Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуНоокат району 28.02.2019 15:17 На русском

Ноокаттык Мелис Рысбаев 1 айдан бери дайынсыз (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Гүлистан айылынын тургуну Мелис Рысбаев 1 айдан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу анын Россияда иштеген эжеси Мыскал Рысбаева билдирди.

Анын айтымында, 1989-жылы туулган инисин туугандары 6-январь күнү Бишкекке узатышкан. Ал эми ал акыркы жолу 28-январь күнү байланышкан.

«Иним акыркы күндөрү ичкиликке көбүрөөк берилип кеткен. Бирок жүргөн жерин кабарлап турчу. Акыркы жолу Бишкекте №164 маршруттук каттамдын акыркы аялдамасындагы көчөдөн көргөндөр бар экен. Телефону өчүк болуп жатат. Акыркы жолу сүрөттөгү кийимдерди кийип жүргөн», - деди ал.

Мелис Рысбаевди көргөн-билгендер 79258660074 же 79998545509 (Мыскал Рысбаева) телефон номуру аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×