Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусуНоокат району 04.02.2019 09:47

Ноокатта 86 жаштагы карыяны унаа сүзүп өлтүрдү (сүрөт)

Turmush -  Ош—Исфана унаа жолунун 62-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы жол кырсыктан 86 жаштагы адам каза болду. Окуя 1-февралда саат 20:15 чамасында болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын 1976-жылы туулган тургуну К.А.нын башкаруусундагы «Хонда Степвагон» Кызыл-Кыя шаарынан Ошту көздөй бара жатып жөө жүргүнчү — Ноокат районунун 1933-жылы туулган тургуну А.С.ны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жаракат алган А.С. Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Бул кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×