Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 01.02.2019 12:14

Ош облусунун аймагында бир күндө 10 кылмыштын бети ачылды (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун аймагында «Бирдиктүү алдын алуу күнү» аталышындагы иш-чара өтүп, 10 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 29-январь күнү Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун айылдарында укук коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, айылдык аймактардын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, суу чарба, электр тармактары, фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жана башка мамлекеттик мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда комплекстүү алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн топтор эл арасында жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө жарандардан жалпы 342 көйгөй айтылды. Алардын көбүн саламаттыкты сактоо, билим берүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана коммуналдык кызматтардын ишмердүүлүгүнө, Мамлекеттик каттоо кызматына, ӨКМге, Салык кызматына, электр тармактарына тиешелүү маселелер түздү. Ошондой эле ички иштер органдарына тиешелүү 5 маселе аталды.

Иш-чаралардын жүрүшүндө түзүлгөн топтор багыттарга бөлүнүп, ар бир үйгө кирип, жашоочулар менен жолугуп, алардын маселелерин угуп, укук бузуулардын жасалышынын себептери жана шарттары болуп саналган терс көрүнүштөрдү аныктоо боюнча иш алып барышты. Мындан сырткары жаралган маселелер боюнча адистер кеңештерди беришти. Муну менен бирге иш-чаралар өткөрүлүп жаткан бардык калктуу конуштардын мектептеринде дин өкүлдөрүнүн, аты чыккан спортчулардын, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, суицид, экстремисттик көрүнүштөрдү алдын алууга, жол эрежелерин сактоого жана жаңы жылдык аземдерди ѳткѳрүүдѳ окуучулардын жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган лекциялар окулду.

«Бирдиктүү алдын алуу күнү» комплекстүү иш-чарасын өткөрүү учурунда 16 кылмыш катталып, 10 кылмыштын бети ачылды. Мындан тышкары Бузуулар кодекси боюнча ар түрдүү 15 протокол түзүлүп, мыйзам чегинде чара көрүлдү. Аныкталган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма бериле турган болду. Бул иш-чаранын негизги максаты — кылмыштуулуктун алдын алуу жана кароосуз калган жаш өспүрүмдөрдү каттоого алуу.

Ош облусунун аймагында 1 күндө катталган 16 кылмыш:

- ден соолукка жеңил жаракат келтирүү боюнча 2 факты;

- орчундуу эмес уурулук боюнча 2 факты;

- майда бейбаштык боюнча 1 факты;

- унаа кырсыгы боюнча 1 факты;

- алдамчылык боюнча 4 факты;

- уурдоого аракет кылуу боюнча 2 факты;

- дайынсыз жоголуу боюнча 2 факты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×