Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 28.01.2019 14:13 На русском

Ноокаттагы мектепти оңдоп жаткан усталардын башчысын сабап кетишти

Turmush -  Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебин оңдоп жаткан адамдардын башчысын жергиликтүү тургундар сабап кетишти. Бул маалыматты аталган мектептин директору Гүлзат Сапарбек кызы тастыктады.

Анын айтымында, окуя 25-январда саат 23:00 чамасында болгон. Устаны сабаган адамдардын арасында дене тарбиячы мугалим да бар.

«Мамлекеттик бюджеттен 17 млн сом акча каражаты бөлүнүп, мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан. Окуя катталган күнү 3 уста иштеп жаткан. Ошол учурда бешке жакын жигит келип, устаны ур-токмокко алган», - деди ал.

Болжолдуу маалымат боюнча, буга чейин да алардын арасында жаңжал болгон. Токмоктолгон жигит — Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну. Ал бутунан, башынан жаракат алган. Ал эми сабагандардын арасында аталган мектептин дене тарбиячы мугалими А.Д. да болгон.

«Бизде 15 уста бар эле. Жайы менен мектептин курулуш иштерин жасап, имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүп жатканбыз. Жайында да жергиликтүү балдар "көчөгө көп чыгып жатасыңар" деп усталарды уруп, иштегенге тоскоолдук кылып келишкен. Мындан улам усталар иштебей кетип калып, 3 гана уста иштеп жаткан. Алар "сиз келип карап туруңуз, болбосо сабап салышат" деп чакырышты. Барсам мектептин алдында 5 бала туруптур. Унааларын мектептин алдына коюп койгон экен. Унааны алууну сурансам, 3 жигит ур-токмокко алды. Алардын арасынан дене тарбиячы мугалимди гана таанып калдым», - деди усталардын бригадири.

Кийинчерээк Ош ОИИБ билдиргендей, жабырлануучу Б.у Н. кечээ, 27-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.

«Окуя Ноокаттын аймагында болгондуктан ШИИБ ишти райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берген. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Жабырлануучу эмне себептен дароо Ноокат РИИБге кайрылбаганы да күмөн жаратууда. Ошол күнү мектептин спорт залында балдар волейбол ойношуптур. Ал эми жаңжал мектепте болгон эмес. Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучу мас абалда болгон. Бул жаңжалга катыштыгы бар деп 4 жигит кармалды», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми жабырлануучунун жубайы А.О.нун айтымында, күйөөсү бүгүн, 28-январда эч-учун жоготуп, тез жардам кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жеткирилген. Ал окуя болгондон кийин ооруканага кайрылган. Бирок дарыгерлер эскерткенине карабай, «токмок жеп, ооруканага жатты» деген сөздөрдөн намыстанып, ооруканага жатпай койгон.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×