Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусуНоокат району 28.01.2019 08:22 Жаңыланды: 28.01.2019 18:26 На русском

5 адамдын өлүмү: «Тойота» менен битум ташыган унаа кагышканда каза болгон Перизат 20 жашка толмок

Turmush -  Оштогу Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылындагы жол кырсыктын кесепетинен каза болгон 5 адамдын бири — Перизат 25-январда 20 жашка толмок. Бул күнү жакындары анын көрүстөнүнө 20 даана гүл коюп келишти.

Перизат Козубекова Ош шаарындагы лицейди 2017-жылы аяктап, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин англис тили факультетинде жогорку билим алып жаткан. Ошондой эле каратэ менен машыгып, комуз жана гитара чертчү. Анын артында ата-энеси жана агасы калды.

«Оор басырыктуу, токтоо мүнөз, жароокер Перизат келечекте англис тилчи мугалим болууну эңсеп, алдына чоң максаттарды койгон эле. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Ата-энесине, бир туугандарына сабыр тилейбиз», - дешти мугалимдери.

Перизат Козубекова Окуя тууралуу:

2019-жылдын 6-январында саат 08:16 чамасында Ош—Исфана унаа жолунун 73-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Өрнөк айылында Кадамжай районунун 1982-жылы туулган тургуну А.З.нын башкаруусундагы «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышка карай бара жатып, каршы багыттагы битум ташыган «МАН-26-464» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Экинчи унаа Сузак районунун 1986-жылы туулган тургуну Н.С.нын башкаруусунда болчу.

Окуянын кесепетинен «Тойота Эстима» унаасынын жүргүнчүлөрү — 2001-жылы туулган И.у.Т. жана 1990-жылы туулган Ш.М. окуя болгон жерде каза болгон. Алар кызыл-кыялыктар болушкан. Ал эми Бишкек шаарынын Ала-Арча конушунун 1999-жылы туулган тургуну К.П. ооруканада көз жумган.

Ошондой эле 1999-жылы туулган З.Г. менен 1975-жылы туулган Ш.А.нын баш сөөгү жабыркап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алар кырсыктан алган жаракатынан улам 10-11-январь күндөрү каза болду. «Тойота Эстима» унаасында жалпы 8 адам болсо, анын ичинен 5 адам көз жумган.

Аталган окуя боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×