Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 24.01.2019 09:16 На русском

Эл ичи — өнөр кенчи: Сүрөтчү Садык Мурзахановдун эмгеги казак президентинин музейинде сакталуу (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айылынын тургуну Садык Мурзаханов — Кыргызстанда аты аталып калган жаш сүрөтчүлөрдүн бири. Ал өнөрү, эмгектери жана жашоосу тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Садык Мурзаханов райондогу көркөм эстетикалык гимназияда окуп, андан соң Бишкектеги Кыргыз улуттук көркөм сүрөт академиясынын театр жана кино факультетин бүтүргөн. Чоң атасы сүрөтчү болгондуктан кичинекейинен эле сүрөт дүйнөсүнө аралашканын айтат.

«Бир туугандарымдын баары сүрөт тартууга кызыкчу. Бирок атам "бирөөң эле сүрөтчү болсоң жетет" деп мени гана окуткан. Атамдын Амадали деген агасы искусствону баалаган киши эле. Менден мыкты сүрөтчү чыгарын айтып дем берип, сүрөттөрүмө сын айтып турчу. Биринчи сүрөт көргөзмөмдү уюштуруп берүүнү убадалап, бирок ал күнгө жетпей калды.

9-класста окуп жүргөндө Азиз аттуу досум Бишкектеги сүрөт окуу жайына кетип калды. Артынан мен да барып окуйм десем, үйдөгүлөр жөнөтпөй коюшту. Кыштын суук күндөрү болчу, эч кимге айтпай Бишкекке баса бердим. Азизди таап, окуганы келгенимди айтсам, "сентябрда кел" деп койду. Ата-энем мени 1 ай издеп Бишкекке келип, "11-классты бүтүп анан келесиң" деп алып кетишкен», - дейт Садык Мурзаханов.

Сүрөтчү бала кезинен эле портрет тартууга көп көңүл бурат. Анын айтымында, портрет жанры оор, себеби тартып жаткан адамдын жан дүйнөсүнө кирип, анын образын сүрөт менен ачып берүү кажет.

«Көп убактымды өнөрканада өткөрөм. Сүрөт тартпасам да эргүүнү күтүп отура берем. Эң кымбат сүрөтүм буйрутма менен тартылган америкалык археологдун портрети болгон. Өзүн жана үй-бүлөсүн 1 айда тартып бергем. Кээ бир ачык-айрым, ак көңүл адамдарды тартсам бат эле окшошуп калат. Айрым учурда сүрөт кыйынчылык менен тартылып, өзүнө окшоп турса да жакпай калат. Мындай учурларда мүнөзү оор адам экен деп калам. Кээде өзүмө анча деле жакпаган сүрөттөр башкаларды таң калтырат. Ушул убакка чейин тарткан сүрөттөрдөн өзүмө чоң энемдин портрети абдан жагат. Чоң энемди тааныбагандар да ошол сүрөтүмдү баалашат.

Дүйнөгө белгилүү адамдардын коллекциясында да эмгектерим бар. Коңшу Кытайдын вице-премьер министри Лю Яньдундун портретин, окумуштуу — Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санджардын, опера ырчысы Лучано Павароттинин сүрөтүн тарткам. Ошондой эле Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мен тарткан портрети өзүнүн үй музейинде илинип турат», - дейт ал.

Сүрөтчү дипломун жактап жатканда «4» деген баа алып калып кабатыр болгонун айтып берди.

«Окуу жайда республиканын эң таланттуу балдары чогулган. Алардын арасынан суурулуп деле чыга алган жокмун. Окугум келбей, окуудан чыгам десем, академик Тургунбай Садыков мени карап, "базарда соода кыла аласыңбы же жүк ташуучу болосуңбу? Өзүң арык экенсиң, башка жумуштар колуңдан келбейт" деп урушуп, алып калган. Жер алдынан өтүүчү өтмөктө буту менен сүрөт тарткан бала бар эле. Агайым ошол жерге алып барып, "бул баланы жарым саат тиктеп отуруп, анан үйүңө кете бер" деди. Мурда деле көрүп жүрчүмүн, бирок маани берген эмесмин. Кунт коюп карап отуруп, окууга кайтып келгем. Тайпалаштарымдын баары дипломдук иштерин бешке жактаса, мен "4" алып калгам. Капа болуп жатсам академиядагы сүрөтчү Алексей Каменский "мындан кийин жашоонун академиясына тапшырасың, негизги баа ошол жакта" деп соороткон эле», - деди Садык Мурзаханов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×