Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-февраль
Ош облусуНоокат району 22.01.2019 18:13

Сүрөт, видео: Ноокатта 90 жыл мурун курулган эски мектепте окуган сүрөтчүлөр чет өлкөлөрдө иштеп жатат

Turmush -  Ноокат районунун борборунда курулган алгачкы имараттардын бири көркөм сүрөт мектеп-интернаты болгон. Курулганына 90 жыл болуп, авариялык абалга келген мектеп капиталдык оңдоодон да өткөн эмес.

Бул мектепте билим алган сүрөтчүлөр учурда дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенип, окуучулары республикалык, облустук сүрөт көргөзмөлөрдө алдыңкы орундарды багынтып келишет. Гимназиянын директору Ыса Алимбеков имараттын эскилиги жетип калганда 1991-жылы сүрөт мектеби үчүн берилгенин айтты.

«1929-жылы курулган имаратта алгач кыздар орто мектеби жайгашкан. Андан кийин атайын мугалимдерди окутуучу 1 жылдык курстар өткөрүлгөн. Согуш убагында аскерлерди чакыруу пункту катары кызмат көрсөткөн. Согуш бүткөн соң Менделеев мектеби, кийинчерээк жеке мектеп катары иштеген. 1991-жылы академик Тургунбай Садыковдун демилгеси менен көркөм эстетикалык гимназиясы түзүлүп, ушул имаратта окутуубузду баштаганбыз. Жылына оңдоп-түзөөгө мамлекеттен акча каражаты бөлүнөт. Бирок каражат эскилиги жеткен мектептин жараксыз жерлерин гана оңдогонго жетет», - дейт Ыса Алимбеков.

Сүрөт мектебинин бүтүрүүчүлөрү учурда Америка, Түркия, Корея, Россия өлкөлөрүндө эмгектенип жатышат. Мектептин 3 окуучусу Казакстандын президентинин 1-даражадагы диплому менен сыйланышкан. Окуучулар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Маңкурт», «Биринчи мугалим», «Бугу-Эне» скульптуралык эмгектерин жасашты.

Мектептин 11-классынын окуучусу Тооман Көчкөнбаевдин максаты — Манас баатырдын айкелин жасоо.

«Сүрөттү жакшы тарта алган адам скульптураны да жасай алат. Алгач жасаганда окшошпойт. Кыздар көбүнчө дизайнерлик тарапка басым жасашат. Балдар жоокерлерди, баатырларды жасайбыз. Учурда "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" чыгармасындагы каарманды жасап жатам. Каармандын элесин чыгарманын негизинде түшүргөм. Келечектеги кыялдарымдын бири — Манас баатырдын айкелин жасоо», - дейт Тооман Көчкөнбаев.

Учурда аталган мектепте 120 окуучу билим алып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×