Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 18.01.2019 14:58 Жаңыланды: 18.01.2019 18:28

Ноокаттык мергенчи мал-жандыкка кол салган чөөнү тирүү кармады (сүрөт, видео)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Шаң-Кол тоосунда майда мал-жандыкка кол салган чөө тирүү кармалды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн Араван районунун аңчы адиси, түштүк аймагы боюнча аңчы ыкчам топтун башчысы Төлөнбай Каримов билдирди.

Анын айтымында, 16-январь күнү чөөнү Давит Абдуллаев аттуу мергенчи тузакка түшүргөн. Аталган тоолордо чөөлөр көп болгондуктан мал сарайлардагы малга кол салууда. Ошондуктан атайын мергенчилер тобу түзүлүп, жырткыч жаныбарларды атуу иштери жүргүзүлүп жатат.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×