Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 05.01.2019 11:25 На русском

«Мекендештер»: 19 жаштагы Тимурлан өзүн-өзү кубаттап жүрүүчү шайтан араба жана трактор жасаган (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Кожо-Арык айылынын 19 жаштагы тургуну Тимурлан Мирзакаримов автоунаалардын тетиктеринен кураштырып, өзгөчө араба жана чакан тракторлорду жасайт.

Ал 9-класска чейин окуп, андан соң колледжге тапшырган. Шартына байланыштуу окуусун уланта албай, мигрант болуп Россияга кеткен.

«Мен бул өнөргө аралашып калганыма бир тууган агаларым түрткү болду окшойт. Кичинекейимде атам бизге оюнчук алып келсе, аны ойнобой эле кайра бузуп салчумун. Жыгачтардан жана ар кандай буюмдардан өзүмө ыңгайлуу кылып оюнчук жасап ойночумун», - деди Тимурлан.

Буга чейин Тимурлан көптөгөн эмгектерди жасаган. Алардын арасында өзүн-өзү кубаттандыруучу шайтан араба (велосипед) бар.

«Өзүн-өзү кубаттап жүрүүчү шайтан арабаны жасоого 2 ай убакыт кетти. Ал эми кичи тракторду жасаганга 3 айдан ашык убактымды короттум. Кичи трактор чөп чогултуп, жер айдап, кесектерди майдалайт. Мындай трактордон экини жасадым. Биринчисинде бир аз кемчиликтери болуп кайра экинчисин жасап чыктым. Учурда экинчи трактор ойдогудай жасалып, айылда кызмат кылып жатат. Тракторду жасоого "Жигули", "Тико", "Москвич" унаасынын тетиктери пайдаланылган», - дейт жаш уста жигит.

Жаш ойлоп табуучу мектепте көп жетишкендиктерге жетишип, кылган эмгектеринин артынан мектебинин атын чыгарган. Тимурлан ойлоп табуучулук боюнча сынактарга катышып, республикалык деңгээлге чыгып, көп жолу биринчиликти багындырган. Учурда ал Россияда иштеп жатат. Үй-бүлөдө 3 уулдун эң кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×