Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 04.01.2019 09:18

Нарай айылындагы бала бакчанын 40 жыл мурун курулган имараты жаңыртылат

Turmush -  Ноокаттагы кейиштүү абалдагы бала бакчанын имараты быйыл заманбап болуп курулат. Бул тууралуу Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутманбек Турсункулов билдирди.

Маалым болгондой, Нарай айылындагы Алоудинов Жалалидин атындагы «Жаш жеткинчек» балдар бакчасы акыркы 3 жылдан бери иштеп жатат. Учурда анда 90 бала тарбияланууда. Бул имарат мурда мектеп катары пайдаланылып келген. 2013-жылы ошол жерге жакын аймакка мектептин 225 орундуу жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилгенден кийин эски имараты эл тарабынан жамааттык балдар бакчасы болуп ачылган.

Кийинчерээк тиешелүү ишканалар имараттын абалын текшерип жарактуу деп тапкандан кийин өкмөттүн балансына өткөн. Бул имарат мындан 40 жыл мурун курулган болчу.

«Бул эски имарат болгону менен тиешелүү мамлекеттик органдар жарактуу деп тапкан. Бала бакча элдин талабы менен ачылып, иштеп жатат. Бул бала бакчанын ордуна 2019-жылы 100 орундуу заманбап бала бакча курулат. Бул имарат иштей баштаган учурда көпчүлүк жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү ата-энелер балдардын коопсуздугун өз мойнуна алышкан. Бирок эмне болсо да биз жооп беребиз», - деди Кутманбек Турсункулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×