Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 27.12.2018 13:14 На русском

Ноокатта кичи автобус жөө аялды сүзүп өлтүрдү (сүрөт)

Turmush -  Ош—Исфана унаа жолунун 74-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын Мүркүт айылындагы жол кырсыктан 40 жаштагы аял каза болду.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, окуя 25-декабрда саат 23:30 чамасында болгон. Кара-Суу районунун Шарк айылынын 1983-жылы туулган тургуну Т.А. «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасын башкарып бара жатып жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1978-жылы туулган Б.А. (аял киши) ооруканага жетпей каза болгон.

Учурда аталган кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×