Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 25.12.2018 14:01

Мэр Жоомарт Нурдинов: Элдин келечеги үчүн ар бирибиз аракет жасап, натыйжалуу иш жүргүзүүгө милдетүүбүз

Turmush -  Ноокат шаарынын жашоочулары мэр Жоомарт Нурдиновдун жетекчилигинде бул жылды бир катар жетишкендиктер менен жыйынтыктап, жаңы жылга карата дагы бир катар пландар коюлду. Элдин келечеги үчүн ар бирибиз аракет жасап, натыйжалуу иш жүргүзүүгө милдеттүүбүз, деп белгиледи мэр шаардагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берип жатып.

Жоомарт Нурдинов

Мэр Нурдинов Жоомарт Амадалиевич 1978-жылы Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын Кара-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Билими жогорку. Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен 2017-жылдын 30-июнунда Ноокат шаарынын мэрин шайлоо уюштурулуп, анын жыйынтыгында шаардык кеңештеги 21 депутаттын ичинен 20 эл өкүлү Жоомарт Нурдиновдун талапкерлигин колдошкон. Ал ага чейин Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментин жетектеп келген.

Ноокат шаардык мэриясы 2018-жылы аткарган иштер жана ийгиликтер (мэриянын билдирүүсү):

2018-жыл Ноокат шаары үчүн бир топ ийгиликтүү жылдардан болду десек жаңылышпайбыз. Анткени шаар мэри Ж.А.Нурдинов жетектеген Ноокат шаардык мэриясы тарабынан бир топ иштер аткарылып, Ноокат шаарында позитивдүү өзгөрүүлөр болду.

Ноокат шаары — Ноокат районунун административдик борбору. Ош шаарынан 43 чакырым аралыкта жайгашкан. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаары Эски-Ноокат айылдык кеңешинин ордунда уюшулуп, азыркы Гүлистан, Мирмахмудов айыл аймактарынын айрым жерлери кошулуп отуруп, Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 8-сентябрындагы №214 мыйзамынын негизинде райондук деңгээлдеги шаар макамын алган. Таштак, Кара-Турпак, Бостон, Барын болуп, жалпысынан 4 кварталдан турат. Калкынын саны — 15 121 адам, 12ден ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Жалпы аянты — 3,58 чарчы метр.

Шаар башкармалыгы 2003-жылы шаар башкаруусу деп аталса, 2011-жылы Ноокат шаардык мэриясы деген макам алган. Дареги — Лутфуллаев 5. Байланыш телефону — 5-00-45. Факс — 5-10-94. Почталык индекси — 723400.

Ноокат шаардык мэриясындагы аппараттык курам 17 кызматкерден турса, шаардык кеңештеги депутаттардын саны 21. Шаардык кеңештеги аппараттык кызматкерлердин саны 3. Ноокат шаардык мэриясынын алдында атайын түзүлгөн муниципалдык менчик департамент, «Ноокат суу каналдары» ишканасы, «Ноокат коммунальщик», «Ноокат жарыктандыруу», «Ноокат жылуулук менен камсыздоо» ишканалары калкка кызмат көрсөтөт.

Ноокат шаары шаар макамын алгандан бери туруктуу өнүгүү темпин сакталып келет. Көп улуттун өкүлдөрү жашап, ынтымак, достугу, жогорку деңгээлдеги каада-салты менен белгилүү.

Шаарда 4 орто жана 5 мектепке чейинки мамлекеттик билим берүү мекемелери, дагы 3 жеке менчик балдар бакчасы бар. Райондук маданият үйү, Н.Исанов атындагы эс алуу багы, райондук тарых музейи иштейт жана 3 спорт аянтчалары, 4 машыгуу залдары кызмат көрсөтөт. Ал эми бюджети: 55 млн сом.

Ноокат шаардык мэриясынын 2018-2023-жылдарга карата өнүгүү стратегиясынын алкагында 2018-жылы Ноокат шаар мэриясында стратегиялык пландын негизинде түзүлгөн атайын иш-чаралар белгиленген. Шаардын аймагында инфраструктураны жакшыртуу: жарыктандыруу, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү оңдоо, транспорт кыймылын, Н.Исанов эс алуу багын жана эстеликтерди реконструкциялоо жана шаар аймагын таштандыдан тазалоону жакшыртуу багытында натыйжалуу аракеттер көрүлдү.
Натыйжада шаардагы борбордук көчөлөргө жакшы көнүл бурулуп, шаарды айыл аймактардан айырмалап турган атмосфера пайда болду.

Кара-Турпак кварталында эки кабаттуу ФАПтын имаратын куруу иштери башталып, дагы 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилгени турат.

Социалдык тармак:

Ноокат шаарынын аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана аярлуу катмардагы мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарга материалдык колдоо көрсөтүү максатында 973 миң сомдук акча каражаты каралган. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен сырткары ар кандай жардамдар берилип, кийим кече, тамак-аш жана окуу куралдары тийиштүү дарактерге жеткирилди.

Билим берүү тармагы өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик стратегиянын негизги жана маанилүү бөлүгү болуп саналат. Шаардын аймагындагы билим берүү мекемелеринде окуучулардын билим алуусуна толук шарттар түзүлгөн. Мектептер компьютердик класстар менен жабдылып, спорттук инвентарлар менен камсыз болушкан. Жыл сайын бул тармакка өзгөчө көнүл бурулуп, билим берүү мекемелеринин техникалык базасын чыңдоого жергиликтүү бюджеттен жетиштүү каражаттар бөлүнүп келет. Учурда Н.Крупская орто мектебине дагы 650 орундуу кошумча имарат куруу үчүн 700 миң сомго долбоор даярдалып, республикалык бюджетке киргизүүгө сунушталып жатат. Муниципалдык жана жеке өнөктөштүк программасынын алкагында да мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүү иш аракеттери жүрүп, бардык бала бакчаларда электрондук каттоого туруу программасы ишке ашып жатат.

Ноокат шаары билим берүү мекемелерин жергиликтүү бюджет менен жетиштүү камсыз кыла алган райондун аймагындагы жалгыз шаар. Жыл сайын 20 млн сомдун тегерегиндеги акча каражаты утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерине бөлүнөт. Быйыл да билим берүү мекемелеринин от казандары толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөзүлүп, утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ал эми шаар аймагында мектептер республикалык сынакта биринчиликти камсыздады.

Спорт тармагы:

Ноокат шаары үчүн бул багытта 2018-жыл бир топ жетишкендиктердин жылы болду. Атап айтсак, Ноокат шаарынын баскетбол курама командасы республикалык, эл аралык жана облустук, райондук мелдештерде жалаң гана байгелүү орундарды камсыздап, футбол боюнча «Ноокат-Достук» курама команда региондогу эң мыкты командалардын сап башынан орун алды. Ошондой эле спорттун башка түрлөрүнөн да спортчуларыбыз өлкө намысын татыктуу көргөп келе жатканы белгилүү. Ноокат шаардык мэриясы спортко өзгөчө көңүл буруп, мелдештерге катышкан спортчулардын жол кире, тамак-аш жана жатакана чыгымдарын каржылап келет.

Ошондой эле А.Абдуллаев орто мектебине жаңыдан курулган заманбап спорт зал пайдаланууга берилди.

Ноокат
Жаштарга камкордук:

Жаш муундарга руханий-адептик таалим-тарбия берүү максатында жаштар саясаты жүргүзүлүп, татыктуу билим алууга бардык шарттар каралган. Ноокат шаарындагы А.Абдубаитов орто мектебинде кошумча окуу курстары уюштурулуп, 10-11-класстар акысыз окутулат.
Ноокат шаарынын жигердүү жаштары бир катар долбоорлорду жазып, дебаттар, конференциялар уюштурулду. Ноокат шаарындагы 150 бүтүрүүчү Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар менен жеринде таанышып, маалымат алып келишти.

Маданият тармагы:

Ноокат шаары Ноокат районунун борбору болгондуктан шаар аймагындагы маданий-массалык иш-чаралар райондук деңгээлде уюштурулуп, жогорку баага ээ болуп келет. Ак калпак күнү, Нооруз, Эгемендүүлүк күнүнөн баштап, кесиптик майрамдар, юбилейлик иш-чаралар жогорку уюшкандыкта уюштурулуп келет.

Инвестиция

Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталында Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын каржылоосу менен эки кабаттуу ФАПтын курулуш иши башталды. Ошондой эле мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк программасынын алкагында 100 орундуу бала бакча ишке киргени турат. Республикалык бюджеттен Ноокат шаарынын башкы планын иштеп чыгууга 5 млн сом акча каражаты тартылып, учурда келишимдер түзүлүп, башкы пландын концепциясы иштелип чыгууда.

Район жетекчилери, жеке ишкерлер жана тиешелүү адистер менен биргеликте Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна барып, бизнес жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен келишимдер түзүлүп, чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө атайын долбоорлор сунушталып, даярдалууда.

Ноокат шаарынын негизги көйгөйү болгон канализация маселесин чечүү максатында Даниялык СВЕКО компаниясы менен биргеликте Европа өнүктүрүү банкынын «Ноокат шаарында калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алгачкы этаптары ийгиликтүү башталды.

Муниципалдык менчик департаменти:

Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти 2014-жылы уюштурулган. Ал уюшулган мезгилден тартып шаардын аймагындагы муниципалдык жерлерди максаттуу пайдалануу, ижарага берүү, коомдук транспорт каттамдарын жөнгө салуу, унаа токтоочу жайларды туура уюштуруу, жергиликтүү бюджетти көбөйтүү боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Базардын айланасында жолдо соода кылгандар тартипке келтирилип, унаа токтоочу жайларды иреттештирүү боюнча Муниципалдык менчик департаменти тарабынан бир топ иштер аткарылып келет.

Шаардын аймагында жолдордун абалын жакшыртуу менен ушул мезгилге чейин жүргүзүлбөгөн маршруттук каттамдарды жүргүзүү колго алынып, калктын аз камсыз болгон бөлүгүнө кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында шаар ичине кичи автобустар менен атайын каттамдар ачылды. Негизги көчөлөрдө кызыл сызыкка чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынып, шаар иретке келтирилүүдө. Муниципалдык менчик департаменти жергиликтүү бюджетти көбөйтүү багытында 2014-жылга чейин жылына 144 миң сом гана киреше түшүрсө, бүгүнкү күнгө карата кирешени 2 млн сомго көбөйттү.

«Ноокат суу каналдар» ишканасы ишканасы Ноокат шаарынын аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында иш жүргүзөт. Ишкана шаардын аймагындагы 1 миң 427 кожолукту, элдин 90%ын таза суу менен камсыз кылат. Шаардагы жалпы суу түтүктөрүнүн узундугу 56 чакырымды түзөт.

Ишкананын материалдык-техникалык, финансылык базасы жыл сайын толукталып жатат. Ишкана «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» мыйзамдын техникалык регламентинин негизинде иш жүргүзүп, тиешелүү нормаларга толук жооп берет. Залалсыздандыруу каражаттары менен толук камсыз болгон. Жыл сайын ишкананын суу топтоочу көлмөлөрүндө, суу түтүктөрдө профилактикалык жууп-тазалоо жана залалсыздандыруу жумуштары аткарылат. Учурда көп кабаттуу үйлөргө канализация куруу боюнча долбоор даярдалып, тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.

Ноокат шаарын таза суу менен камсыз кылууга жана канализация системасын реабилитациялоо максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы сынак жарыялап, жеңүүчү деп табылган Даниялык «SWECO» компаниясын өкүлдөрү 14-май күнү Ноокат шаарынын мэри Нурдинов Жоомарт Амадалиевич, «Ноокат суу каналдар» ишканасынын жетекчиси З.Камалов баш болгон тиешелүү адистер жана кошуна айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү менен жолуккан. Анда долбоордун келечеги жана алдыдагы пландар талкууланды.

Учурда Ноокат шаарына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү, жер кыртышын аныктоо боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Бул долбоор жакынкы үч-төрт жыл ичинде ишке ашып, Ноокат шаарынын эле эмес, кошуна аймактардын өнүгүшүнө да чоң түрткү болот.

«Ноокат коммунальщик» ишканасы Ноокат шаарынын аймагында тазалыкты сактоо, шаарды көрктөндүрүү багытында бир топ иштерди аткарууда. Күн сайын шаардын негизги чоң көчөлөрүнө атайын техника менен суу себилип, шаардын ичинде көрнөк-жарнактар жаңыланып, «Биз таза шаар үчүн» акциялары тынымсыз өткөрүлүп турат. Шаардын аймагында тазалыкты талаптагыдай сактоо максатында «Ноокат коммунальщик» ишканасына быйылкы жылдын эсебинен 3 даана атайын техникалар сатып алынды. Ошондой эле Ноокат шаарында борбордүк көчөлөргө заманбап видео байкоо камералары орнотулду.

Өкмөттүн «Коопсуз шаар» жана «Таза шаар» долбоорлорунун алкагында Ноокат шаарынын борбордук айлампасына, көчөлөргө жана таштанды таштоого тыюу салынган жайларга көзөмөл жүргүзүүчү видеокамералар орнотулду. Бул камералардын жардамында смартфон кол телфондору аркылуу эле фото, видео фиксация кылып, жол коопсуздук эрежелеринин, кылмыш кырсыктардын алдын алууну камсыздоого болот. Учурда видео байкоонун натыйжасында Ноокат шаардык милиция бөлүмчөсү, МАИ кызматкерлерине бир топ жеңилдиктер жаралууда.
Жалпысынан камераларды орнотууга жергиликтүү бюджеттен 151 миң сом акча каражаты жумшалды.

«Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасы 2016-жылдын май айында түзүлүп, калкты жана социалдык объектилерди күз-кыш мезгилдерине даярдоо, сапаттуу жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоо максатында иштерди колго алган. Бүгүнкү күндө калкты жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоо талаптагыдай болуп, көмүр менен толук камсыздалды.

Шаардык мэриядагы кадр саясаты:

Ноокат шаардык мэриясынын өздүк курамынын негизин жаштар түзөт. Бул көрүнүш кадр саясатында жаштарга жогорку деңгээлде колдоо көрсөтүлүп жатканынан кабар берип турат. Ноокат шаардык мэриясында 2013-2016-жылдар аралыгында жергиликтүү бюджетти көбөйтүү, инфраструктураны жакшыртуу, шаарды көрктөндүрүү боюнча демилгелүү иштер аткарылды. Жергиликтүү бюджет мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир кыйла өстү.

«Ноокат жарыктандыруу» муниципалдык ишканасы тарабынан Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрү жарыктандырылып, коопсуздук үчүн тиешелүү жерлерге жол чырактар орнотулууда.

Инфраструктураны жакшыртуу:

Ноокат шаарынын негизги борбордук бөлүгүн оңдоо максатында жол боюндагы тротуарларды оңдоп-түзөө, атайын тосмолор менен тосуу жана жол чырактарын орнотуу, жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү. Эстеликтер реконструкцияланып, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармаларындагы каармандар таштан жасалып, шаарга архиектуралык көрк берүүчү 30 метр бийиктиктеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги орнотулду. Шаардын аймагын кеңейтүү, көп кабаттуу үйлөрдү, бала бакчаларды, канализация куруу, борбордук базарды жылдыруу — Ноокат шаардык мэриясынын негизги максаты.

Жашоо-күн сайын алдыбызга ар кандай маселелерди коюп, чоң өзгөрүүлөрдү жаратууга мажбурлайт. Андыктан, элибиздин келечеги үчүн ар бирибиз аракет жасап, натыйжалуу иш жүргүзүү милдетибиз. Көп улуттуу Ноокат шаарынын элин баш коштуруп, ийгиликтерге жетелеген элибиздин ырыскысы түгөнбөйт.

Ноокатта 33 метр бийикке желек орнотулду

Ноокат шаарынын борбордук бөлүгүнүн күн чыгыш тарабында 33 метр бийиктиктеги мамлекеттик желек орнотулган. Анын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ооган, Баткен согушунун ардагерлери, жергиликтүү тургундар катышкан. Желектин узуну 9 м болсо, туурасы 6 м , ал эми кармап турган тирегичтин узуну 33 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×