Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 26.12.2018 01:00 Жаңыланды: 26.12.2018 08:17 На русском

Айыл турмушу: Ууру ток менен кармалган аял Акбарали Жамиловдун бут кийимин катып койгон (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айылынын тургуну Акбарали Жамилов 2 жылдан бери Ноокат райондук электр тармактар ишканасында эмгектенет. Ал көзөмөлдөөчүнүн эң башкы милдети — адамдар менен жакшы мамиле түзүү экенин айтат.

Акбарали Жамилов: «Кичинекей кезибизде "светчи" келе жатканда дарбаза, эшиктер жабылып, айыл тыптынч болуп калат эле. Бир үйгө киргенин көрүп калсак, баарыбыз үйлөрүбүзгө чуркап ата-энебизге жеткирчүбүз. Эмнеге анчалык коркконубузду азыр түшүнбөйм. Азыр адамдар кыйла билимдүү, түшүнүктүү. Бирок түшүнүп турса да, атайлап тийишип, суроо бере берген адамдар бар. Аларга тамаша, какшык аралаш жооп берүүгө туура келет. Көзөмөлдөөчү айылдагы бир эле адамга орой мамиле жасаса, ошол адам бүт айылга кадыр-баркыңды түшүрүп коюшу мүмкүн. Электр энергия акысын төлөгөнгө чындыгында мүмкүнчүлүгү жок адамдарды түшүнүү керек. Абоненттер төлөгөн акчаны колдонуп жибербей, кассага төлөп туруу шарт», - деди.

Акбарали Жамиловдун айтымында, жаан-чачын учурунда кыйынчылык жаралат. Ал эми аба ырайына карап иштешсе, жумуштан артта калышат.

«Көбүнчө кыш мезгилинде талаш-тартыш көп болот. 23 киловаттан ашса, кымбат тарифте төлөшү керек. Аны түшүнбөгөндөр көп эсептеп койгонубузду айтып, биз менен урушушат. Мындай учурларда сылык мамиле жасап, райондук электр тармактар ишканасынан маалымат алуу керектигин түшүндүрөбүз. Көбүнчө кечки жана таңкы рейддерде түшүнбөстүктөр жаралып, абоненттер чөнтөк телефондоруна тартып, "социалдык тармакка чыгарабыз" деп, коркутканга аракет кылышат.

Азыр адамдар мурдагыдан кыйла түшүнүктүү болуп, ууру токту аз колдонуп калышты. Бир ирет ууру ток кармап алып, акт түзүп жатсак, үй ээси бут кийимдерибизди бекитип коюптур. Бут кийимибизди ала албай, 1 саат отурганбыз. Кээде зеригип отурган карыянын үйүнө кирип калсаң, сөзүн бөлүп чыгып кетүү кыйын. Акчасын убагында төлөгөндөргө ыраазычылык билдирсең, "биз колдонгон электр тогуна сиз рахмат айтасызбы?" деп калышат. Алар жоопкерчиликтүү адам экенин айтып, ыраазычылык билдирип коебуз. Көзөмөлдөөчү эч качан ачка калбайт деп тамашалашып калабыз. Анткени ар бир үйдөн нан ооз тийип жүрүп эле курсагыбыз тоюп калат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×