Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 21.12.2018 17:05 На русском

Видео: Ноокаттагы үңкүрлөрдөн жарганаттын уясын издегендер көбөйдү

Turmush -  Ноокат районундагы жергиликтүү үңкүрлөрдө жарганаттын уясын издеген жашоочулар көбөйүп баштады. Социалдык тармактарда да жарганаттын уясы боюнча билдирүүлөр тарап жатат. Айрымдар бир уянын баасы 5-7 миң доллар экенин айтса, кээ бири анын 1 граммы 1000 долларга бааланарын айтат.

Такталбаган маалыматтар боюнча, бул уялардагы суюктук инсульттан кийин организмди калыбына келтирүүгө жана рактын айрым түрлөрүн айыктырууга жардам берет.

Жарганаттар үңкүрлөрдү байырлагандыктан Turmush басылмасынын кабарчылары Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы Улуу-Тоо тоосуна барып келишти. Алар Ош шаарынан баштап аталган аймакка 5 саатта жетишкен.

Жергиликтүү тургун Залкар Токтосунов тоодо 5-6 үңкүр бар экенин, бирок азырынча эл эки эле үңкүрдү биле турганын айтты.

«Жарганаттын уясы тууралуу жайында уккам. Бирок бул тоодон бир да уя тапкан жокмун. Кээ бири тапса да айтышпайт. СССР убагында геологдор тарабынан шахта изделип, үңкүр казылган экен. Ал жерди 100 метр казгандан кийин токтотуп коюшкан. Ал үңкүргө адам аз кирет. Ага жанаша жайгашкан 250 метрдей казылган үңкүргө уя издеген адамдардын киргени билинет. Жогору чыгуу үчүн тартылган жиптер илинип турат, жыгач таяктар да бар. Жарганаттын уясы деп айтылганы менен жарганат уялабайт, жөн гана куруп коет экен. Эмнеден курганы табышмак. Сырты катуу, ичинде болсо кызыл, кара, сары түстөрдөгү суюктуктар болот экен. Ошол суюктук баалуу болот дешет. Муну арабдар буйрутма менен алып, бирок сырын айтышпайт. Инсультка эле эмес, бардык ооруга шыпаа деп уктум. Организмди калыбына келтирүүгө да жардам берет экен. Бирок мен деле ар кимден угам, өзүм факты менен билбейм», - деди ал.

Улуу-Тоодо жашаган Жолдубай аттуу чабан жарганаттын уясын издеп келген адамдар көп экенин жашырган жок.

«Келгениме эми эле он күн болду. Бир күндө жок дегенде эки унаа келип, адамдар жарганаттын уясын сурашат. "Таап берсең 5 миң сом беребиз" деп сунушташты. Бирок менин мал кароодон колум бошобойт», - дейт Жолдубай.

Ош шаарындагы айрым дарыгерлер жарганаттын уясынын дарылык касиети боюнча эч кандай маалыматтары жок экенин билдиришти.

Кыргызстанда жарганаттын 16 түрү болсо, анын 5 түрү Кызыл китепке кирген. Жарганаттар Ноокаттан тышкары Кадамжай, Араван, Алай тоо кыркаларында байырлашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×