Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 21.12.2018 10:00 На русском

Сүрөт: Бакытбек Марипов жетектеген Кыргыз-Ата айыл өкмөтү өнүгүү жолунда

Turmush -  Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Мариповдун жетекчилигинде айыл аймактагы көйгөйлөр чечилип, жалпы жергиликтүү бюджеттин көлөмү 23,8 млн сомго жетти.

Бакытбек Марипов Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылында 1988-жылдын 10-ноябрында төрөлгөн. 2006-жылы Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиясын аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетине кабыл алынып, аны 2010-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, экономист адистигине ээ болгон. 2012-жылы аталган университетте магистратураны мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Ошондой эле 2013-жылы Ош мамлекеттик университетинен юриспруденция (соттук жана прокурордук) адистигин алган. Ал арада Ош технологиялык университетинде илим жактоо максатында илимий иштер менен алектенген.

Б.Марипов эмгек жолун Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаттын коомдук жардамчысы болуп баштаган. Андан сырткары өкмөттүк эмес уюмдарда, жеке фирмаларда, Каржы полициясында эмгектенген. Айыл аймактагы Кызыл-Кетмен дыйкан чарбасын жетектеп жүрүп, 2012-жылы Кыргыз-Ата айылдык кеңешине депутат болуп шайланган. Ал арада «КРнын эң жаш жана жылдын мыкты депутаты» наамын алып, Ноокат районундагы 343 депутаттан турган жергиликтүү кеңештердин эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп шайланган. 2013-жылдан баштап Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келет.
Бул кызматты аркалоо менен жоопкерчиликти сезип, эмгекти сүйгөн чыныгы адис катары калк арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ болду. Мындай жетишкендиктердин артынан 2017-жылы Кыргыз-Ата айыл өкмөт башчылыгына кайрадан талапкер болуп, 100 пайыз жергиликтүү депутаттардын колдоосу менен айыл өкмөт башчы болуп шайланган.

Ушул жылдар аралыгында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджети 12 млн сомдон 23,8 млн сомго жетти. 2016-2018-жылдардын ичинде айыл аймакка 462,9 млн сомдук инвестиция тартууга жетишти.

Б.Мариповдун эмгеги бааланып, 2014-жылы Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ардак грамотасын, 2015-жылы Кыргыз-Ата айыл аймагынын, 2016-жылы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасын, «Ош жаңырыгы» коомдук саясий гезитинин «Жылдын мыктысы-2015» дипломун алды. 2017-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Б.У.Салиевден «Жылдын мыктысы» төш белгси менен сыйланган. Ага удаа Кыргыз-Ата айыл өкмөтү «Эркин-Тоо», «Кыргыз-Туу», «Ноокат-Таңы», «Ош Жаңырыгы» гезиттеринде эң мыкты айыл өкмөт аталган. Айыл өкмөт башчысы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун ардак грамотасын алган.

Б.Марипов үй-бүлөлүү, жубайы менен үч баланы тарбиялап жатат.

Айыл өкмөттөгү билим берүү тармагы

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерде, бала бакчаларда 2013-жылдан тарта 2018-жылга чейин аткарылган иштердин жана жаңы окуу жылына карата оңдоо иштеринин жыйынтыгынын жыл сайын сапаттуулугу артууда. Айыл аймакта 5 орто мектеп, 1 мектеп-гимназия, 1 лицей, 1 башталгыч мектеп бар. Бүгүнкү күндө 304 мугалим 3 миң 280 окуучуга билим берүүдө. Окуучулар ар кандай кесиптердин мыктысы болуп, бир топ ийгиликтерди багындыруу менен республикалык олимпиадаларда алдыга чыгып келет. Айыл аймактагы 7 бала бакчада 553 бала тарбияланып жатат.

Айыл аймактын башчысы Б.Марипов жана демөөрчүлөр тарабынан бала бакчаларда оңдоо иштери жүргүзүлүп келет. Айыл аймактагы бардык мектептер интерактивдүү такталар менен толук камсыздалып, мектептерге желим эшик-терезелер орнотулуп, жылуулук маселеси чечилди. Ошондой эле мектеп, бала бакчалар интернет менен камсыздалып, электрондук китепканалар кызмат көрсөтүүдө.

Кыргыз-Ата айыл аймагында билим берүү мекемелериндеги курулуш иштерине да көңүл бурулган. Ак-Булак айылында 325 орундуу 3 кабаттуу мектеп спорт залы менен республикалык бюджеттен 50 млн сомго курулуп бүтүп, жакында пайдаланууга берилет.

Ошондой эле 270 орундуу Парпиев атындагы мектеп-гимназиясы жатакана, спорттук зал, аянтча, ашканасы менен кошо курулуп, пайдаланууга берилди. Анын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 70 млн сом бөлүнгөн.

Т.Темиралиев атындагы орто мектебинин курулушу бүтпөгөн имараты үчүн 1,5 млн сом бөлүнүп, пайдаланууга берилди. Борко айылында Борко лицейи 3,4 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Айыл аймактагы Тажибай орто мектебинин окуучулары «Мерсико» уюмунун каржылоосу менен ысык тамак менен камсыз болду. Кара-Кой айылындагы Чоң-Кыштоо башталгыч мектеби жана Т.Темиралиев атындагы орто мектебиндеги окуучуларды 2019-жылдан баштап ысык тамак менен камсыздоо маселеси толугу менен чечилди.

Кыргыз-Ата айыл аймагында 2 жылдын ичинде жалпы 3 бала бакча ачылды. Борко айылындагы 70 орундуу бала бакча 5 млн сомго жергиликтүү бюджеттин жана элдин салымы менен курулган.

Көтөрмө айылындагы 70 орундуу «Мераж-Нуру» бала бакчасынын курулушуна 3 млн сом сарпталган. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, эл да салым кошкон. Ак-Булак айылындагы 70 орундуу «Бөпөмай» жана «Акылай-Куту» бала бакчаларынын имараттары ижарага алынып, жеке менчик үйдө ачылып, айыл өкмөт тарабынан ар тараптуу жардамдар берилүүдө.

70 орундуу «Жылдызча-Нур» бала бакчасы да 4 млн сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду. Ал эми 100 орундуу 2 кабаттуу бала бакчанын курулушу жыйынтыкталып жатат. Мындан тышкары Ак-Булак айылындагы «Кызгалдак» бала бакчасы 3 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Кара-Кой айылында жайкы сезондук 50 орундуу бала бакча иш жүргүзүп келет.

Жыл сайын жергиликтүү бюджеттен бала бакчалардагы тарбиялануучулардын тамак-ашына 4 млн сом, оңдоо иштерине 1 млн сом бөлүнөт. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн демилгеси менен бала бакчаларда орус тилдүү тайпалар ачылып, бөбөктөргө татыктуу билим берилип келүүдө.

Спорт тармагы

Кыргыз-Ата айыл аймагында айыл өкмөттүн демилгеси менен спорт комплекс түзүлүп, анын ичинде Кыргыз-Ата көк бөрү федерациясы ачылып, юридикалык каттоодон өткөн. Аларга атайын ат майдан даярдалып, Ноокат районунда биринчилерден болуп жаштарга спорт тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлдү. Бүгүнкү күндө Кыргыз-Атанын улакчылары райондук мелдештерде эң алдыңкы орундарды ээлеп келет. Кыргыз-Ата айыл аймагында жалпы көк бөрү оюну боюнча түзүлгөн командалардын саны 10го жетип, алардын ичинен үчөө атайын даярдыктан өтүүдө.

Ошондой эле Кыргыз-Ата спорт комплексинде айыл өкмөттүн жана «Кыргыз-Ата» футболдук клубунун президенти Аким Назаровдун демилгеси менен «Кыргыз-Ата» футболдук клубу ачылып, дүйнөлүк стандартка жооп берген футбол аянтчасы курулду. Окуучулардан 5 команда түзүлүп, алардын үчөө атайын даярдалып, Кыргызстандагы мелдештерде ийгиликтерге жетишип келет. Балдарды машыктыруу үчүн Россия Федерациясындагы СССРдин эң мыкты футболчуларынын бири Стрельсов Борис Николаевич менен келишим түзүлгөн.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн демилгеси менен «Кыргыз-Ата» волейболдук клубу да түзүлүп, юридикалык каттоодон өттү. Анда ар кандай курактагы мырзалар жана кыз-келиндерден атайын 10 команда түзүлүп, мелдештерде кубокторго ээ болууда.

Мындан тышкары эркин күрөш, ашык атмай, кыз куумай, ат үстүндө тыйын эңмей, шахмат, сууда сүзүү жана теннис оюндарын уюштуруу айыл өкмөт тарабынан толугу менен колго алынган.

Б.Марипов өзү да спортту сүйүп, самбо менен машыгып келет. Спорт тармагын өнүктүрүүнүн максаты — жаштарды спортко үндөө, ден соолугун чыңдоо, кылмыштуулуктан алыстатуу. Бул максатта Көтөрмө айылында 1980-жылы ачылып, 35 жылдан бери иштебей, жараксыз болуп калган жабык бассейн түрткү берүүчү грант аркылуу 6 млн сомго толук оңдоодон өттү. Спорт комплекстеги спорт залдын чатыры алмаштырылды.

Кичи ГЭСтерди куруп, элди электр энергиясы менен камсыздоо

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 1950-жылдары иштеп, кийинчерээк иши токтоп калган кичи ГЭС Б.Мариповдун демилгеси менен кайрадан курулган. Учурда 5 агригаты ишке берилди. Анда жылына 30 млн КВт электр энергиясы иштелип чыгып, элге пайдаланууга берилүүдө.

Аталган кичи ГЭСте 15 адамга жумуш орундары түзүлүп, 15 үй-бүлөнүн экономикалык көйгөйлөрү чечилди. Айыл аймакта дагы кичи ГЭСтерди куруу пландалууда.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы түптөлгөн 6 конушка электр мамычалары, трансформаторлор орнотулуп, электр чубалгылары тартылды. Жогорудагы айылдардагы жаш үй-бүлөлөргө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Айыл аймактагы бардык айылдар жарыктандырылган.

Таза суу менен камсыз кылуу

Кыргыз-Ата айыл аймагында 20 жылдан бери чечилбей келген таза суу маселесин чечүү максатында Б.Марипов бир катар аракеттерди көрдү. Кыргыз-Ата, Ак-Булак, Көтөрмө жана Борко айылдарынын калкын таза суу менен камсыздоо үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 250 млн сомдук каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Бул долбоор 2019-жылдын апрель айынын ичинде бүткөрүлүп, 3 миң 175 түтүндөгү 22 миң адам таза суу менен камсыз болот.

Сугат суу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом акча каражаты каралып, арыктар менен каналдар толук оңдолду. Жыйынтыгында эгин талаалар сугат суу менен толук камсыз болду.

Айыл аймактын жолун калыбына келтирүү

Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө, Ак-Булак, Кыргыз-Ата жана Кара-Кой айылдарын байланыштырган жолдун 4-3-чакырымы 31 млн сомго асфальтталат. Бул жол — Ноокат районундагы негизги эс алуучу жайлардын бири болгон жаратылышы, кооздугу менен туристтерди өзүнө тарткан Кара-Кой жайлоосуна баруучу жол. Аталган жол 30 миңден ашуун жүргүнчүлөрдү тейлет.

Ошондой эле бул аймактагы эскилиги жетип, жараксыз абалга келген көпүрөнүн ордуна 2 млн 500 миң сомдук жаңы көпүрө курулган. Ага кошо айыл аймактагы ички жолдор акыркы 3 жыл ичинде 2 млн сомго толук оңдоп-түзөөдөн өткөн. Кылмыштуулукту алдын алуу максатында ар бир көчө жарыктандырылып, борбордук 4 көчөгө айланма жолдор курулду. Атайын маршруттук каттамдар ачылып, алар 22 миң адамды тынымсыз райондун борборунан айылдарга жеткирип турушат. Ага чейин жеке унаалардын айдоочулары ар бир жүргүнчүдөн 50 сомдон алса, учурда жол кире акысы 20 сомго түштү. Быйылкы жылы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн кире беришине райондогу эң чоң арка курулду. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 1 млн 200 миң сом бөлүнгөн.

Медицина тармагын өнүктүрүү

Кыргыз-Ата айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ачылып, 16 адам жумуш менен камсыз болду. Ак-Булак айылына АРИС уюму жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн сомго ФАП курулуп, райондун борборунан 10 чакырым алыста жашап жаткан 7 миң адамга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Кыргыз-Ата айылына жергиликтүү бюджеттин эсебинен үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору ачылып, 7 миң элди тейлеп келет.

Район борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Кой, Борко айылындагы ФАПка, Көтөрмө айылындагы № 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна айыл өкмөт тарабынан жардамдар көрсөтүлүп келет. Калкты сапаттуу тейлөө үчүн эски тез жардам унаасынын ордуна жаңысы сатылып алынды.

Элди турак жай менен камсыз кылуу

Жыл сайын элдин саны өсүп, жаштар турак жай куруу үчүн жер тилкеге муктаж болууда. Мындан улам көп кабаттуу турак жай курууга инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө жерге муктаж болгон 1500 жаш үй-бүлө кезекте турат.

Эс алуу жайларын калыбына келтирүү

Кара-Кой айылынын 3 миң жашоочусуна жана жыл сайын келген миңдеген туристтерге атайын уюлдук байланыш жана интернет кызматы орнотулду. Ошол эле Кара-Кой айылынын жайлоосуна 300 орундуу эс алуу жайын, лыжа тебүү базасын жана санаторий ачуу пландалууда. Жакынкы арада ички жана сырткы инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Маданият тармагын өркүндөтүү

Кыргыз-Ата айыл аймагынын А.Эгембердиев атындагы маданият үйүндө айыл аймактагы бардык мамлекеттик ишканалардын ортосунда ыр кеселер жогорку деңгээлде өткөрүлүп келет. Ошондой эле Аймактарды өнүктүрүү жылына карата ар бир даталуу күндөрдө түрдүү кароо-сынактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр райондук жана облустук кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алышты. Мындан тышкары кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жана Ноокат районунун 90 жылдык маарекесине карата ар бир айылда маданий иш-чаралар өткөрүлдү.

50 айымдан турган «Кыргыз-Ата айымдары» фольклордук тобу айыл өкмөт тарабынан каржыланат. Алар 2014-2018-жылдары өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышышты. Андан сырткары аталган айымдар тобу өлкө аймагындагы облустук деңгээлдеги чоң концерттерди уюштурууда. 2018-жылы Борко айылында «Кыргыз-Ата энелер тилеги» коомдук бирикмеси түзүлүп, үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, байгелүү сыйлыктардын ээси болушту.

Айыл өкмөтүнүн өнүгүүсү

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө коррупцияга каршы күрөшүү үчүн видеокамералар орнотулуп, ишеним почта жана телефондор илинген. Ыңгайлуу шартта иштөө үчүн аппарат кызматкерлерине 20 ноутбук, 10 компьютер алынды. Б.Марипов айыл өкмөт башчылыгына келгенге чейин аппараттын кызматкерлери эски үлгүдөгү жалгыз компьютерди колдонуп келген. Учурда мектеп, бала бакча жана медициналык имараттар менен катар айыл өкмөттүн кызматкерлери да интернет байланышы менен камсыз болушту. Буга чейин айыл өкмөттүн жер адиси, айыл башчылары жерди тактоодо таяк колдонуп эсептешсе, бүгүнкү күндө карта аркылуу ачык жана так аныкталып, жер көйгөйлөрү, чек ара маселелери компьютердин жардамы менен чечилип жатат.

Айыл өкмөттүн 4 кабаттуу имаратынын 1-кабатында бирдиктүү терезе ачылып, жооптуу катчы, социалдык кызматкерлер жана жергиликтүү жетекчилер кызмат көрсөтүүдө. Андан сырткары «Финка», «РСК» банктарынын банкомат терминалдары орнотулуп, айыл тургундарына акча которуу, пенсия, айлык маяналарын жеринен алууга шарт түзүлдү. Мындай ыңгайлуу шарттын негизинде элдин убакыт жана акча каражаты үнөмдөлүүдө. Аппарат кызматкерлери үчүн жаңы эмеректер, техникалык жабдуулар алынып, натыйжалуу иштөөгө шарттар түзүлдү.

Буга чейин айыл өкмөттүн кызматкерлери акимчиликтен, облустан келген каттарга кагаз түрүндө жооп берип, тиешелүү жерлерге жеткирип жүрүшсө, учурда электрондук почта аркылуу убакытты үнөмдүү пайдаланып, так жана өз убагында жетип калды.

Айыл өкмөт бийик тоолуу аймакта жайгашкандыктан электр энергиясы өчкөн кезде автоматтык түрдө генератордун жардамы менен аппарат кызматкерлеринин иши токтоосуз иштеп турат. Башка айыл өкмөттөрдөн айырмаланып Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө өзүнүн архиви ачылып, аппарат кызматкерлери өздөрүнүн архивдик иш кагаздарын тапшырууда. Административдик имараттын 1-кабатында тарых музейи ачылды.

Аймактагы эл электр энергиясынын төлөмдөрүн төлөөдө жолдун алыстыгынан кыйналып келсе, учурда Ноокат районунун электр тармактар бөлүмүнүн филиалы ачылып, Кыргыз-Ата, Кеңеш айыл аймактарын тейлеп жатат.

Көтөрмө айылында жасалма уруктандыруучу ветеринариялык борбор ачылып, эт-сүт багытындагы малдарды уруктандырып, жакшы жыйынтыктарга жетишүүдө. Ошол эле борборго койдун жүнүн кыркуучу аппараттар алынып келген.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө «Тазалык» ишканасы да түзүлүп, ага 1 даана «ГАЗ 53», 1 даана экскаватор алынган. Алар менен айылдын тазалыгы сакталат. Ага кошо коомдук алдын алуу борбору түзүлүп, элди экстремизмге, терроризмге, кылмыштуулукка каршы үгүттөө иштери аялдар кеңеши, аксакалдар соту, жаштар комитети менен биргеликте жүргүзүлүп турат. Айылдагы аялдар кеңеши, аксакалдар соту юридикалык каттоодон өткөн жана мөөрү менен мыйзамдуу иштешет.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 550 миң сомго Улуу Ата Мекендик согуштун, Баткен коогалаңынын, Ооган согушунун катышуучуларынын тизмелери жазылган эстелик, өчпөс от жана «БТР» орнотулган. Учурда айыл аймакта Улуу Ата Мекендик согуштун 1 ардагери бар.

Бир жыл ичинде 6 мечит ачылып, ишке берилген. Анын ичиненен 3 кабатуу борбордук мечит 2500 адамга ылайыкташкан. Ага медресе, кичи футболдук аянча, чайкана кошо курулган. Медресе замандын талабына ылайык 15 даана компьютер, 1 интерактивдүү такта, интернет, видеокамера менен камсыз кылынган. Жума намазы ушул чоң мечитте окулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×