Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 19.12.2018 15:25 На русском

Ноокатта «Дэу Матиз» жүк ташыган унааны сүзүп, ата-бала каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ош—Исфана эл аралык унаа жолунун 24-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Өсөр айылындагы жол кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болду. Жол кырсык кечээ, 18-декабрда саат 23:30 чамасында катталганын Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Маалыматка караганда, Ноокат районунун 1961-жылы туулган тургуну «Дэу Матиз» унаасын батыштан чыгышты көздөй башкарып келе жатып жолдо бузулуп, токтоп турган «Вольво» үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон. Жүк ташыган унаа Баткен районунун 1971-жылы туулган тургуну А.Н.га таандык. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу Ноокат аймактык ооруканасында, ал эми аталган унааны 1932-жылы туулган жүргүнчүсү — айдоочунун атасы окуя болгон жерде көз жумган.

Бул кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×