Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 18.12.2018 15:15 На русском

Төрөбай Кулатовдун айылындагы 110 жылдык мааракесине уул-кыздары катышкан жок

Turmush -  Бүгүн, 18-декабрда Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөбай Кулатовдун 110 жылдыгы өткөрүлүп жатат. Өз айылында өткөрүлгөн иш-чарага уул-кыздары катыша албай калышты, деп билдирди айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Аида Жээнбаева.

«Иш-чарага Ноокат райондук администрациясынын мекеме жетекчилери, эл өкүлдөрү жана туугандары катышты. Сүрөт искусство мектептеринин окуучулары тарабынан сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, маданият үйү тарабынан концерттик программа коюлду. Кулатовдун саясаттагы ишмердүүлүгү сахналаштырылып чагылдырылды», - деди Аида Жээнбаева.

Төрөбай Кулатов эки уул, эки кыздуу болгон. Бир уулу оорудан көз жумган эле. Ал эми эки баласы Россияда эмгектенишсе, кызы Америкада жашайт. Алар Бишкекте өткөрүлгөн 110 жылдыкка катышып кетишкен.

Тарыхта орду чоң Кулатов Төрөбай өмүр жолунда көптөгөн мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ал эл комиссарлар советинин төрагасы жана 33 жыл бою Кыргыз ССР Жогорку советинин президиумунун төрагасы болуп үзүрлүү эмгектенди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×