Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусуНоокат району 17.12.2018 16:48 На русском

Кыямат күн, «крутой» селсаяктар, жыл айланбай төрөгөн аялдар: Еврейге турмушка чыккан Зулайканын Израилдеги жашоосу

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районунда чоӊойгон Зулайка Каразакова дүйнөлүк телеканалдардын биринде эмгектенет. Ал израилдик еврей мырзага турмушка чыгып, бир кыздын апасы болду. Аймактык кабарчы мекендешибизден кабар алды.

Ааламга жол айылдан башталат

- 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын фармация бөлүмүн аяктап, ошол жылдан баштап 2006-жылга чейин дарыканаларда иштедим. Өзүӊөр билгендей өлкөбүздө айлык маяна аз болуп, элдин баары Москвага жөнөп кете башташты. Мен дагы элдин агымы менен 2006-жылы Москвага сапар тарттым. Баргандан кийин өз кесибим менен иштей алган жокмун. Ал үчүн паспорт алышым керек болду. Ошентип Россиянын жарандыгын алуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшап, башкаларга салыштырмалуу ал жердин жарандыгын аз эле убакытта алууга жетиштим. Москванын дарыканаларында иштеп жүрсөм, телеканалда иштеген тааныштар аркылуу мага сунуш түшүп калды. Алар «бизге монтаж, сценарий жазганга адамдар керек, өзүбүз окутуп, үйрөтөбүз» деп калышты. Ошондо 2008-жыл болчу. Алар мага «чымыныӊды көрөлү, эмне жасай аласыӊ, бир нерсе даярдап кел» деп тапшырма беришти. Мен андан мурда эле монтаж жасаганга кызыгып, бир аз үйрөнүп калган элем. Бирөөдөн видеокамера сурап алып, паркты, көчөлөрдү тартып, ага музыка коюп, монтаждап, клип сыяктуу кылып жөнөтсөм, алар жактырып кабыл алышты. Ошентип мени окутуп, үйрөтүп башташты.

Учурда Израилдемин

- Аталган телеканалдын башкы кеӊсеси Американын Нью-Йорк шаарында жайгашкан. Көп тилде дүйнөлүк жаӊылыктарды берген телеканал. Мен орус тилиндеги бөлүмүндө иштейм. Бул телеканалдын өзгөчөлүгү — биз кайсы мамлекетте, кайсы шаарда болбойлу, интернет аркылуу тапшырма алып, интернет аркылуу иштерибизди жөнөтүп турабыз. Москвада жашап жүргөндө оператор жана монтажер болуп иштеп жүрдүм. Азыр болсо Израилдемин. Бул жактан кичинекей кызым менен операторлук ишти уланта албай калдым. Азыр монтаж эле жасайм.

Жолдошум еврей

- Израил жөнүндө кеп кылсам, айта турчу маалыматтар көп. 2010-жылы Киевге жумушум менен барып, болочок жолдошум менен таанышып калгам. Ал эс алганы барган экен. Андан кийин социалдык түйүндөрдөн кат жазышып жүрүп, 2012-жылы баш кошконбуз. Ошентип Израилге 2012-жылы келип калдым. Кыргызстанга кээде барып турам. Жолдошум абдан жакшы адам, еврей. Ичинде кири жок, кеӊ пейил жана мага абдан чоӊ урмат менен сый көрсөтөт. Үйдөн Кыргызстанда эмне тамак жасалса ошонун баарын жасайм. Жолдошум менин жасаган тамак-аштарыма көнүп калды. Ашты жакшы көрөт. Экөөбүздүн кызыбыз бар. Кызым 3 тилди билет. Азыр 5 жашка чыгып калды. Бала бакчага, балет ийримине барат. Бул жакта балдардын билими, тарбиясы үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Мен Израил менен Россиядан бөлөк Украинанын бир катар шаарларында, Түркияда, Финляндияда, Кипрде, Египетте болдум.

Израил элинин өзгөчөлүктөрү

- Мен израилдик тургундардан башка улуттарды эч убакта кемсинтпей турганын байкадым. Улут аралык мамилеге абдан жакшы карашат. Бул жерде ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Дайыма жылмайып, күлүп, сылык мамиле кылышат. Чынын айтсам, көчөдө кыйкырышкан же мушташып жаткан кишилерди көргөн жокмун. Жаш бала менен көчөдө жүрүп калганымда, тааныбаган эле адамдар колуӊдан арабаны алышып, жардам бере калышат.

Бизде бирөөнүн артынан ушактаганды же бирөөгө сын айтканды жакшы көрөт эмеспизби. Бул жакта бирөөгө сынтакканды жаман көрүшөт. Дагы бир байкаганым, бизге салыштырмалуу сабыры бир аз жок эл келет. Жини келсе, ошол замат бетке айтчу сөздү айтып алышат. Андан 1-2 мүнөттөн кийин эле кайра күлүп-жайнап, сүйлөшүп калышат. Өтө сарамжалдуу калк экенин айтпасам да билсеӊер керек. Бизге окшоп бир келген тойго баарын чачып салып, отуруп калышпайт. Акчага аябай сарамжалдуу жана аны үнөмдөп колдонушат.

Ишкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн

- Мамлекет дагы абдан жакшы өнүккөн. Кыргызстанда көп адамдар иштебесе да жашай беришет эмеспи. Бул жакта сөзсүз иштешиӊ керек. Ишкерлер да өтө көп. Аларга бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Мен мисалы дүкөн ачкым келсе, эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Бардык эрежелерди сактап, дүкөндү ача берсеӊ болот.

Кыргызстанда Ош мамлекеттик университетинде 3 ай бекер иштеп калдым. Сентябрь айынан баштап иштеп, бирок айлыкты декабрдан баштап алгам. Анткени сага тиешелүү буйрук декабрда чыкты деп коюшкан. Бул жакта антип адамдын мээнетин эч качан жешпейт. Жаш мугалимдин, жаш адистин үстүнөн акча жеп отурганын көргөн жокмун.

Айдоочулук күбөлүктү 15 жылдан бери ала албай жүргөндөр бар

- Бул жакта атайын автомектеп деген жок экен. Унаа айдаганды үйрөтүүчү атайын мугалимдер бар. Аны интернет булактарынан издеп табасыӊ. Ал мугалимиӊ сага 40 мүнөттөн 30 сабак өтөт. Сабактар өтүлүп бүткөндө башка бир мугалим келип, сенден сынак алат. Андан кийин сынакка да башка мугалим келет. Сынакта 20 мүнөт жүрөсүӊ. Өтө таӊ калдым. 10-15 жылдан бери айдоочулук күбөлүк ала албай жүргөндөр өтө көп. Анткени сынак өтө катуу. Кичине эле ката кетирсеӊ сени сынактан кулатып салышат. Бир тааныштарымдан уктум эле, кимдир бирөө 43 жолу сынак тапшырыптыр. Тактап айтканда 15 жыл окуп, ала албай коюптур.

Мени окутуп жаткан мугалимге кайрылып, «сынактан көбү кулап калышат экен. Кичине акча берип өтүп кетсек болбойбу?» десем, ал чочуп кетип: «Оозуӊду жап, оозуӊду жап. Бул жөнүндө такыр айтпа. Сени кара тизмеге киргизип салса, такыр айдоочулук күбөлүк албай каласыӊ. Бул жакта коррупция жок», - деп айткан. Коррупция деген түшүнүк түп тамыры менен жок. Пара берсеӊ, ишиӊ бүтөт дегенди билишпейт. Мен дагы сынактан эки жолу кулап, үчүнчүсүндө өтүп кеттим.

Шаардын тазалыгына сөз жок

- Тазалыкты абдан сакташат. Ар бир акыр-чикир үчүн өз-өзүнчө кутучалар бар. Тамак-аш, кийим жана башкалар өз-өзүнчө салынат. Эртеӊ менен эрте көчөнү шыпырган унаа келет. Айдоочу менен бир эле кызматкер болот. Ишенсеӊ, экөө эле бир нече чакырым аралыкты 5-6 мүнөттүн ичинде тазалап салышат. Бири катуу күч менен аккан суу менен чачыратып, акыр-чикирлерди унаанын түбүнө ыргытып берет. А, унаа түбүндө соруп алуучу аппарат менен жыйнай берет. Көчөлөрү таптаза. Жөө жүргүнчү өтүүчү жолдун кичинекей, бармактай жери оюлса дароо, эртеси оӊдоп койгон болот. Кокус асфальттын бир жери тешилсе, эртеӊ менен карасаӊ бир нече километр жерди түнү менен оӊдогон болушат. Ызы-чуусу жок, байкатпай жасап кетишет. Сен уктап жатып, алардын оӊдогонун билбей каласыӊ.

Мен израилдиктердин эмнесин урматтап калдым?

- Еврей тилине аябай сый мамилени талап кылышат. Менин баа бергеним, булар 2000 жыл куугунтукта жүрүп, аз эле убакыттын ичинде еврей тилин кайра жандандырып, өркүндөтүп алышкан. Өлкөнүн өнүгүү жолу да таӊгаларлык жана суктанарлык. Сырттан келген элдер 6 айдын ичинде жергиликтүү тилди үйрөнүшү керек. Россиядан келген орустар жанталашып 6 айдын ичинде үйрөнүшөт. Кыргызстанда болгон бир ачуу чындыкты айтып коёюн. Мен албетте улутчул эмесмин. Бирок ар бир мамлекеттин тили өзүнүн мамлекетинде кадыр-баркка ээ болгонун колдойм. Россияда орус тили, казактарда казак тили, кыргыздарда кыргыз тили баркталса дейм. Мен окууну бүтүп, Ошто иштеп калганда 60-70 кыргыздын ичинде бир улуттун адамы бар болчу. Ошончо кыргыз ал адамдын тилинде сүйлөшчүбүз. Кыргызстанда өмүр бою жашагандар орус тилинде эле сүйлөп жүрүшөт. Бул жакта андай эмес. Келдиӊби, демек жергиликтүү элдин тилин үйрөн. Тилди үйрөнбөсөң жумушка орношо албайсың.

Аялдар көчөдө эркин жана коркпой жүрөт

- Кыргызстанда жумушта деле чогуу иштегендер, көчөдө деле тааныбаган эркектер кыздарга тийишип калган көрүнүштөр болот эмеспи. Ал тургай кыздарга карата жаман сөздөрдү айткандары да бар. Мындай көрүнүштү Россиядан деле байкагам. Бирок бул жакта андай нерсе жок экен. Көчөдө, жумушта жана башка жерде өзүӊдү эркин алып жүрөсүӊ. Эч ким тийишпейт. Байкабай түртүп, жөөлөп алса, аябай кечирим сурап киришет.

Селсаяктары да «крутойлор» экен

- Селсаяк аттууларды көргөн жокмун. Келгени бир эле жолу көрдүм. Ал селсаяк деле «крутой селсаяк» экен. Анткени бул жакта элдин баары эле бай жашайт. Жакшынакай эле кийимдерин селсаяктарга берип салышат экен. Ошондуктан үй-жайсыз калгандар биздикиндей шалбырабай, жакшынакай кийинип жүрүшөт. Пенсионерлерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да жакшы шарттар каралган. Майып арабада отургандар кадимки дени сак адамдардай эле поезд менен башка шаарга, театрга бара беришет. Алар бардык жерде толук кандуу адам катары эле жүрө берет.

Айыл чарбасы жөнүндө

- Алыста жүрүп Кыргызстаным да ушинтип байып, бутунан туруп кетсе деп ойлоном. Негизи бизде бардык шарт бар. Өлкөбүз оӊой эле өнүгүп кетет. Болгону чоӊдорубуз ичип-жебей, бир гана мамлекет үчүн иштешсе, тез эле өнүгөбүз. Талааларынан бир жылда эки жолу түшүм алышат. Талаада көп деле адамдар иштей бербейт. Бир гана заманбап техникалар иштеп жүрүшөт. Жылдын кайсы мезгили болбосун дүкөндөрдөн экологиялык таза, жаӊы үзүлүп келген жашылча-жемиштин баарын тапсаӊ болот.

Мени филиппиндик кыз деп ойлошот

- Кыргызстанды көпчүлүк эл билбейт экен. Бизге караганда Казакстан, Өзбекстан жөнүндө көбүрөөк билишет. Мени болсо көбү филиппиндик деп ойлошот. Себеби, бул жакка филиппиндиктер көп келип иштешет. Ошондон улам айтышса керек. «Жок, филиппиндик эмесмин» десем, «анда кытайсыӊбы?» дешет. Мен кыргыз экенимди айтып түшүндүрөм.

Жөрөлгөлөр

- Сөөктү коюу зыйнаты биздикинен башкача өтөт. Көрүстөндүн жанында зал болот экен. Ошого кирип отурушат. Өлүктү койгондон кийин микрофон менен достору, туугандары маркумдун жакшы жактарын айтып эскеришет. Өкүргөн эч ким жок. Тынч, эч кандай ашыкча чыгымы жок. Эч ким жылкы, кой сойбойт. Бизде кыргызда өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, жакынынан айрылып жаткан киши мал издеп, киши тосуп, карызга батып калат эмеспи.

Үйлөнүү тойлордо алдын ала сени чакырабыз деп айтышат. Орунду эсептеп коюшат. Өздөрүнүн белгилеген баасы бар, аны эсептеп, ошол күнү ичкен гана тамак-ашыңа жеткидей акча алып барып берет экен.

Менин апам 15 бала төрөгөн. Бирок ал Израилде суу кечпей калат экен

- Мен өзүм деле көп балалуу үй-бүлөдө чоӊойдум. Апам 15 баланы төрөгөн. А, мен он төртүнчүмүн. Бизде ортолорубуз 2-3 жаш эмеспи. Бирок биздин 15 бир тууганыбыз бул жакта суу кечпей калат. Өзүӊөр билгендей, бул жакта динди бекем кармаган үй-бүлөлөр көп. Алардын аялдары жылда бала төрөйт экен. Көчөдөн 10-16 баланы ээрчитип бара жаткан аялдарды көп көрөсүӊ. Ортолору бир жаш.

Кыямат күн

- Еврейлердин када-салты боюнча Кыямат күн дегени бар. Ал күнү бүт өлкө боюнча эч бир жер иштебейт. Ал тургай, аэропорт жабылып калат. Тез жардам менен полиция калат. Ошол күнү автоунаалар жүрүүгө да болбойт. Жолдор бош болот. Адамдар бул күндү кадимкидей күтүшөт. Жаш балдар жолдор ээн калганы үчүн шайтан араба тээп ойношот.

Маалымдама:

Кыямат күн (Йом Киппур) — еврейлердин күнөөлөрдөн арылуу күнү. Бул күнү еврейлер эч нерсе жасабай, өздөрүнүн жүрүм-турумун жана ойлорун анализдешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×