Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 13.12.2018 18:48 На русском

Айрым ноокаттыктар жергиликтүү жетекчиден кордук көргөнүн айтса, төрага шантаж деп атады (видео)

Turmush -  Ноокат районундагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы менен Ноокат шаардык кеңешинин төрагасынын ишмердүүлүгүнө айрым жашоочулар нааразы. Мындай маалыматты Мирмахмудов жана Гүлистан айыл өкмөтүнүн айрым жашоочулары, Ноокат шаарынын тургундары бүгүн, 13-декабрда АКИпресс-Ошто уюштурган маалымат жыйында билдиришти.

ОШ

Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жашоочусу Кочкорбай Атаканов йыл өкмөттүн башчысынан кордук көргөнүн айтып, тапанча менен коркутканын белгиледи.

«Айыл өкмөттө күйөө баламдын жери бар эле. Ал документтерин мага таштап кеткен. Ал өзү Россияда иштейт. Ошол жер айыл өкмөт башчыга керек болуптур. Бул боюнча Ноокат райондук прокуратурасына арыз жаздым. Бирок ушул күнгө чейин жооп жок», - деди Атаканов.

Аталган айыл өкмөттүн дагы бир тургуну Абдыжалал Көчкөнов айыл өкмөт башчы ага кол көтөрүп, бир нече жолу урганын айтты.

«Айыл өкмөт башчыга бир нерсе деп койсоң эле "айылдан көчүп кетиңиз" деп айтат. Эки небереме жер сурап барып, бөлмөсүндө айтыша кеттик. Ал мени тепкенде депутаттар отурчу столдон жыгылып түштүм. Ал аз келгенсип, кечирим суроонун ордуна бир депутатка айтып, көчөгө алып чыгып таштады. Бул иш боюнча прокурорго барсам тергөөчүгө бар дейт. Тергөөчүсү башка сөздү айтат. Ушул маселени чече турган бирөө жарым барбы?», - деди Көчкөнов.

Ош

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Хабиба Кыргызбаева 2006-жылы күйөөсү киши колдуу болуп көз жумуп, бирок күнөөлүүлөр жазаланбай жатканын айтты.

«Менин жолдошум банктан акча алып чыкканда анын акчасын тартып алып, жансыз денесин сууга ыргытып жиберишиптир. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүү бала атасынын жардамы менен жазадан кутулуп кетти. Балдарымды өзүм жалгыз үйлөнтүп, кыздарымды турмушка бердим. Ал эми күйөөмдү өлтүргөн бала эркиндикте жүрөт», - деди Кыргызбаева.

Ал эми Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы Абдрахман Гаффаров айтылган сөздөрдү толугу менен четке кагып, маалымат жыйынга чогулгандарды шантаж кылып жатат деп билдирди.

«Буларды мурун Ноокат шаарынын мэрлигине талапкерлигин коюп, бирок өтпөй калган адам уюштурууда. Арасында мурун ар айыл өкмөттөрдөн 5-6дан жер алып, эми биз бийликке келгенден кийин жер ала албай калган адамдар бар. Анткени сугат жерлерди берүүгө болбойт. Арасында "мени урду, мага тапанча такады, түтүктөрдү алып кетти, баласы адам өлтүргөн" дегендерге жооп берип коёюн. Менин эң кичүү иним Мирмахмудов айыл өкмөтүнө 2013-жылы айыл өкмөт башчы болуп шайланган. Аталган айыл өкмөттүн мурунку башчысы маалымат жыйынга баргандардын айрымдарына 5-6 жер тилке берген экен. Алар мурунку айыл өкмөт башчыны да коркутуп, жер алып жүрүшүптүр. Дагы бирөөсү адатынча иниме барып, "жерге токтом чыгарып бер" деген.

Иним "сугат жер берилбейт" деп коюптур. Андан кийин ал киши менин бөлмөмө келип, "иниңе айт, жерге токтом чыгарып берсин. Болбосо сенин бөлмөңө жатып алып, урду деп айтам" деп жатып алган. Ал кишини биз көчөгө чыгарып койгонбуз.

Дагы бир жагдай боюнча айтайын, маалымат жыйында мени түтүктөрдү алып кетти деп айтышыптыр. Мен ал түтүктөрдү элдин өзүнө бергем. Баласы менин күйөөмдү өлтүрүп коюп, жазасыз калды деген аялдын окуясы боюнча айта турган болсом, мен 2004-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди койгом. Анда менин атаандашым ушак тараткан. Бирок уулум адам өлтүргөн эмес, болгону өлтүргөн адамдын жанында болгону үчүн кылмышка шерик олуп калган. Уулум эркиндикке чыкты. Буларды кызыкчылыгы бар адамдар уюштуруп жатат», - деди Гаффаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×