Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 12.12.2018 17:11 Жаңыланды: 12.12.2018 18:36 На русском

«Жетекчим өзүңдүн аты-жөнүңдү жаз деп тилдеген»... Чыңгыз Айтматов аттуу кыргызстандыктар (сүрөт)

Turmush -  Быйыл өлкө аймагында жана чет өлкөлөрдө дагы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Бүгүн, 12-декабрда Turmush басылмасынын кабарчылары жазуучунун туулган күнүнө карата Чыңгыз Айтматов ысымын алып жүргөн кыргызстандыктар менен маек курду.

------------------------------------------------------------------------------------

29 жаштагы Чыңгыз Айтматовго ысымды залкар жазуучунун урматына ыйгарышкан. Ал учурда үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашайт. Каарман дайыма жанында паспортунун көчүрмөсүн алып жүрөт.
чынгыз Бишкек
Өзүнүн айтымында, чоң атасынын аты Айтмат. Аны «Чыңгыз Айтматовдой залкар, улуу инсан болсун» деп Чыңгыз аташкан.

«Аты-жөнүм менен сыймыктанам. Социалдык түйүндөрдө, жумушумда кээ бир адамдар ыңгайсыз абалга калтырышат. Ошондуктан паспортумдун көчүрмөсүн дайыма жаныма алып жүрөм. Бир ирет борбордогу компанияга жумушка кирүүгө арыз жаздым. Керектүү документтерге Чыңгыз Айтматов деп кол коюп бердим. Арадан бир саат өткөндөн кийин катчы телефон чалып, тезирээк кел деп айтты. Шашылып жетип барсам бөлүм башчы "бул өтө маанилүү иш кагаз, эмнеге ойноп жатасың? Өзүңдүн аты-жөнүңдү жаз" деп урушту. Паспортумду көрсөткөндө гана баары күлүшкөн эле», - дейт ал.

Ал эми Ноокат районунун Кара-Таш айылынын 37 жаштагы тургуну Чыңгыз Айтматов жазуучунун чыгармаларынын толук окуп чыгып, китептерин сатып алганын айтат.

Чынгыз ноокаттык

«Турмуш шартыма байланыштуу жогорку окуу жайдан окуй алган жокмун. Залкар адамдын ысымын алып жүрүү да өзүнчө сыймык. Айылда тиричилик менен алышып жүргөнүмдө жазуучунун 70 жылдыгына арналган куттуктоо каты келген. Аябай толкундангам, дагы деле сактап жүрөм. Ноокатта мен билгенден жазуучунун ысымын алып жүргөн дагы бир адам бар болчу. Аны менен таанышуу да кызык болгон.

9-классты аяктаганда райондун ар бир айыл өкмөтүнөн окуучулар аскердик кызмат өтөөгө барып, кезек күтүп турганбыз. Бир маалда Айтматов деп чакырып калды. Чуркап барсам, дагы бирөө "мен Айтматовмун" деп туруптур. Бул жерде Чыңгыз деп жазылып турат десем, "мен дагы Чыңгызмын" деди. Андан кийин аты-жөнүбүз окшош экенин билдик. Ал досум менен байланышып жүргөм, кийин Баткен окуясында каза болуп калды», - деди Чыңгыз Айтматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×