Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 11.12.2018 17:35

Ноокатта кароосуз калган имарат коомдук алдын алуу борборуна айланды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 11-декабрь күнү Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борбору ачылып, милиция менен элдин ортосундагы социалдык кызматташтык иш-чарасы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана айыл аксакалдары катышты. Малик Нурдинов куттуктоо сөзүн сүйлөп, кызматкерлерди мекенге ак кызмат кылууга жана кылмыштарды болтурбоого чакырды.

«Кыргызстан боюнча катталган кылмыштарда денеге залака келтирүүнүн 90 пайызы социалдык маселелерден улам келип чыгат. Аймактардын ичинде чыккан чыр-чатак, кылмыштарды каттай берсек 10 жыл ичинде калктын көпчүлүгүн жоопко тартып калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан мындай ички чыр-чатактарды жеринен чечип, кылмышка жеткирбөө үчүн коомдук алдын алуу борборлору ачылып жатат. Ушундай иш алып барсак тез арада Кыргызстан боюнча кылмыштуулуктун 30 пайызын азайта алабыз», - деди Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Зулпуев айыл өкмөтүндө каралбай калган имаратты оңдоп-түзөп, коомдук алдын алуу борборуна айлантышкан.

«Айыл өкмөт 160 миң сом бөлүп, чет өлкөлүк демөөрчүлөр тарабынан 500 миң сом каралып, жыйынтыгында үч бөлмөлүү борбор ачылды. Анын ичине аксакалдар сотун, аялдар кеңешин жана милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүн жайгаштырдык. Имаратта бардык шарттар каралган», - деди Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Мурзакулов.

Кыргызстанда 27 коомдук алдын алуу борбору ачылган. Ал эми Ош облусунда 5 борбор бар, тактап айтканда Кара-Сууда 1, Кара-Кулжада 1, Ноокатта 3 борбор иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×