Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 11.12.2018 10:56

Ноокаттагы ардагерлер майып пенсионерлерге акчалай жардам көрсөтүштү (сүрөт)

Turmush -  Ноокат райондук ардагерлер кеңеши райондогу пенсия жашындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сый көрсөтүштү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Ноокат районундагы 16 айыл өкмөттөн пенсия жашындагы жардамга муктаж майып жашоочулардын тизмеси түзүлгөн. Жыйынтыгында мүмкүнчүлүгү чектелген 34 жаранга 1 000 сомдон тапшырылды. Ал эми райондук администрация тарабынан сый тамакка 10 миң сом бөлүнгөн.

Ноокат районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кайрымдуулук үчүн бир айлык жарыяланган болчу. Анын алкагында веложүрүш, кол күрөш сыяктуу спорттук иш-чаралар уюштурулду.

Ноокат районундагы 16 айыл өкмөттөн пенсия жашындагы жардамга муктаж майып жашоочулардын тизмеси түзүлгөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×