Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 10.12.2018 11:05

Ноокаттагы жол кырсыкта катуу жабыркаган айдоочу ооруканада көз жумду

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Чечме-Сай айылынын 21 жаштагы тургуну К.А. (эркек киши) жол кырсыктан кийин эс-учуна келбей каза болду. Булактардын маалыматы боюнча, жол кырсык мындан 15 күн мурда болгон.

Маркум өзүнүн айылында «Жигули» унаасы менен катуу ылдамдыкта бара жатып, даракты сүзүп токтогон. Унаанын ичиндеги айдоочу жана анын жанындагы дос баласы ооруканага жеткирилген болчу.

Кийинчерээк К.А. Ноокат райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулган. Дарыгерлердин аракетине карабастан ал 8-декабрь күнү көз жумду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×