Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 10.12.2018 11:13 Жаңыланды: 10.12.2018 12:17 На русском

Сүрөт: 17 жаштагы Зарина — Ноокаттагы эң сулуу кыз

Turmush -  Кечээ, 9-декабрь күнү Ноокат районунда «Ноокат сулуусу - 2018» сынагы болуп өттү. Кастингге жалпы 32 кыз катышып, алардын ичинен 13 сулуу финалга жолдомо алганын сынактын уюштуруучусу Дилмурат Турсунбаев кабарчыга билдирди.

«Буга чейин да башка райондордо ушундай сынактарды уюштуруп келгенбиз. Сулуулар сынагына 14 жаштан 23 жашка чейинки сулуулар катышты. Ноокатта өткөрүлгөн сынакта катышуучулар бий, улуттук тамак жасоо, улуттук стилдеги кийим жана өз талантын көрсөтүү, кечки стилдеги көйнөк тапшырмалары боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында баш байгени 17 жаштагы Зарина Акжолова жеңип алды. Баш байгеге кымбат баалуу алтын шакек берилип, сынактын символу болгон таажы кийгизилди. Ал эми биринчи вице-мисс наамын Анара Муратбек кызы алса, экинчи вице-мисс наамын Уулзат Жоробаева утуп алып, баалуу белектерге ээ болушту», - деди Д.Турсунбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×