Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 10.12.2018 10:52

Мушкердин жашоосу: Бала кезинде токмок жеген «Ак аюу» рингди багындырды (сүрөт)

Turmush -  29 жаштагы Мыктыбек Мамасалиев 14 жашынан бери бокс менен машыгат. Ал 2014-жылдан бери эрежесиз эр уруш боюнча мелдештерде 3 курдун ээси болууга жетишкен. Ошондой эле Евразиянын жана дүйнөнүн чемпиону.

Мушкер спорт чөйрөсүндө «Ак аюу» каймана атына ээ болгон. Ал окуучу кезинде балдардан көп таяк жегенин айтат. Анын спорчу болуусуна атасынын сөзү түрткү болгон. Мыктыбек тамашалап, «Мурда ким уруп коет экен деп коркчу элем, азыр кимди урсам?» деп жүрөм деди.

«Мектепте балдар менен мушташып, таяк жеп калчу элем. Буга карабай мушташа берчүмүн, өжөр болгон окшойм. Бир күнү атама мурдум, бетим канап ыйлап келсем, эмне болгонун сурады. Ага балдардан токмок жегенимди айтсам, "атасына кыздар ыйлап келет, ошон үчүн спорт менен машыгуу керек" деп басып кетти. Ошондо атам мага болушпай койгонуна аябай жиним келген. Бирок азыр атам туура жол көрсөткөнүн түшүндүм. Мени эркелетип, болушканда балким азыр спортчу болбой калмакмын. Ызаланып, атамдын бир сөзүнөн таасирленип, 14 жашымда бокс менен машыгып баштадым. Айылдагы биринчи машыктыруучуларым Турдаалы Оморов жана Абдаалил Ысманов болгон. Алардан мен көп нерселерди үйрөндүм. Алар куруп берген пайдубал менен спортто бийиктиктерге жеттим. Анан мектепте атаман болуп калдым», - деди күлүп.

Спортчунун айтымында, буга чейин бир да каршылашынан баш тарткан эмес. Бирок Мыктыбек менен беттешүүдөн баш тарткандар болгон.

«7-класстан баштап 2008-жылга чейин спорт менен машыгып жүрдүм. Ал эми 2014-жылы эрежесиз эр мушташка келдим. Башында рингге чыкканда мага машыктыруучум "Ак аюу" деген каймана ат койгон. Бизде бардык спортчулардын сөзсүз каймана аты болот, шарт ушундай. Мүнөзүм оор, рингге чыкканда да эмоциям билинбейт. Жеңсем да, жеңилсем да бирдей жүрө берем. Мага рингде ары-бери жүгүрүп, кыйкырган жакпайт. Ар кимдин ар башка мүнөзү болот. Ушул убакка чейин каршылашымдан баш тарткан учурлар болгон эмес. Бирок мени менен рингге чыгуудан баш тарткандар болгон. Негизи даяр болбосоң баш тартуу керек экен. Кээ бирде даярдык жок эле чыгып, жеңилип калган учурлар болот. Кармашка түшкөндө жеңишке да, жеңилүүгө да даяр болуш керек. Айрым учурларда ошону ойлоп жатып эле рингде өзүңдү жоготуп коёсуң. Кудайга шүгүр, ушул убакка чейин катуу жаракат алган жокмун. Бирок ар бир мелдештен кийин сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турам. Беттеш учурунда башыңдан жаракат алып, мээнин чайкалып калышы жаман. Жашың өткөн соң мунун сөзсүз таасири болот», - М.Мамасалиев.

Мыктыбек жогорку билимдүү. Келечекте өз кесиби боюнча эмгектенерин айтты.

«Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Шанкол айылында туулгам. 2016-жылы Ош мамлекеттик университетинде педагогикалык факультетин окуп бүтүргөм. Негизи кесибим боюнча дене тарбия мугалимимин. Учурда Кыргыз улуттук юридикалык академиясын аяктап жатам. Буйруса кесибим боюнча иштейин деген ниетим бар. Бирок спортту таштабайм. Спорт — менин жашоом. Бир туугандарымдын баары спортко жакын адамдар. Өзүм 9 бир тууганмын, 6 эжем жана 2 агам бар. Эжелерим убагында волейбол ойношкон. Байкелерим да жаш кезинде спорт менен машыккан. Азыр үй-бүлөлүү болуп, өз түйшүктөрү менен жүрүшөт.

Буга чейин бокс боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону болгом. 2008-жылы Евразия чемпиону болдум. 2010-жылы спорттун чебери аталып, 2014-жылы Казакстанда өткөрүлгөн турнирде эки жолу жеңишке жеттим. 2015-жылы эрежесиз эр уруш боюнча Молдовада өткөн мелдеште дүйнө чемпиону аталгам. Ошондой эле "Эл достугу тынчтык" аталышындагы кубоктун ээсимин. Ал эми 2015-жылы Москвада, 2016-жылы Казакстанда өткөн турнирде эки жолу чемпион болдум», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×