Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 26.11.2018 10:31 На русском

Казакстандагы эл аралык мелдештен ноокаттык 2 балбан байгелүү кайтты

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн «Кара-Таш» спорт клубунун жаш спортчулары Казакстанда өткөн эркин күрөш боюнча мелдеште алдыңкы орундарды алышты. Тараз шаарындагы Шокан Надырбековдун элесине арналган турнирге аталган спорт клубдан 3 спортчу барган.

Машыктыруучу Талант Эржигит уулунун айтымында, турнирге Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстандын бардык облус-шаарларынан спортчулар катышты.

каз 1

«Ар бир салмак даража боюнча Кыргызстандан жалпы 17 бала барды. Биздин айылдык клубдан барган 3 баланын экөө 3-орунду алышты. Бул көрсөткүч биз үчүн чоң жетишкендик. Спорт клуб деген эле аты болбосо балдар мектептин залында эле машыгышат. Күндүз үй жумуштарын жасап, сабактан барып мал карап, кечинде машыккан балдар үчүн чет жакка чыгуунун өзү жетишкендик», - деди Талант Эржигит уулу.

каз 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×