Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 23.11.2018 09:05 Жаңыланды: 23.11.2018 14:21

Ч.Айтматовдун каарманы Раймалы тууралуу чындыктар: Келини Бүсала Раймалиеванын эскерүүсү

Turmush -  Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын каарманы болгон Раймалынын келини Бүсала апа учурда Ноокат районунда жашайт. Раймалы «Кылым карытар бир күн» романындагы «Раймалы менен Бегимай» махабат дастанынын каарманына айланган эле.

Учурда 70 жашка толгон Бүсала Раймалиева менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Өзүм Кара-Кулжанын Алайкуусунан болом. 13 жашымда Оштогу кыргыз-кыздар орто мектебине окууга келдим (азыркы У.Салиева атындагы мектеп). Жолдошум Оштогу музыкалык окуу жайда окуса, мен педагогикалык окуу жайда билим алып жүрүп, 2-курста баш коштук. Жолдошум окуусуна кетти, мен Кара-Буурада кайним, кайнатам менен калдым. Кайнатам Раймалы төкмө эле. Обон чыгарып, ырдап койчу. Бирок мүнөзү оор басырыктуу, акылман адам эле. Айылдарда кандай гана маараке болбосун кайнатамды чакырып калышчу», - деди Бүсала Раймалиева.

Ал эми Ч.Айтматов менен кандай таанышып, кантип анын каарманына айланып калганын Раймалы ата Ч.Айтматовдун 60 жылдыгына арнап жазган эскерүүсүндө баяндаган. Бирок 60 жылдыкка жетпей каза болуп, жазган катын окуй албай калган.

Раймалы атанын ал катында: «Суулуу-Маймак айылы менен Шекер айылы бир колхоздо жайгашкан. Мен 1946-жылдары ветфельдшер болуп иштеп жүргөн убакта, Чыңгыз Казакстандын Жамбыл шаарынан зоотехниктик кесипке окуп келип, практикага мага келип калды. Айылдагы мааракелерге мени чакырып, ырдап бер деп калышчу. Эл арасында зирек Чыңгыз да болоор эле. Эч бир нерсени көз жаздымда калтырбай, барын дыкаттык менен угуп отурчу. Казакстан менен чектеш жашагандыктан той-аштарда кыз-келиндер менен ырдап калчумун. Кийин “Кылым карытар бир күн чыгармасында ысымдар да өзгөртүлбөй берилгенде, “Раймалы, сен жөнүндө” жазыптыр дешкен. Бир гана өрттөп жиберген учур жазуучунун өзүнүн фантазиясы болгон», - деп жазылган.

«Жаныбарым Гүлсары» чыгармасындагы баян да кайнатамдын тагдырынан алынган, деп кошумчалады Бүсала апа.

«Айылдагы жылкычынын 60 жылкысы жооруп, дарылатуу үчүн кайнатама алып келет. Алардын арасында Гүлсары аттуу 18 асый болгон ат болгон. Ал эч кимди жанына жолотпой, жоорун араң дарылашкан экен. 2-3 жолу дарылагандан кийин айыгып, күлүк болуп чыга келиптир.

Кайнатам дагы ыр жазган, обон чыгарган киши эле. Гүлсарыга арнаган ырын ар дайым той-аштарда ырдап жүргөн», - деди келини.

Раймалы Айтматовдун чыгармаларын окуганы менен тасмасын көргөн эмес.

Бүсала Раймалиева менен жолдошу Кадыралы Раймалиев 4 балалуу болгондо, жолдошу көз жумган. Экинчи ирет ноокаттык мырзага турмушка чыккан.

Бүсала Раймалиева орус тилчи мугалим, эл агартуунун отличниги жана 10 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×