Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 22.11.2018 12:35 Жаңыланды: 22.11.2018 13:15 На русском

Ноокаттык жалгыз бой эне уулу менен жылан баскан үйдө жашайт (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Сталин айылынын 43 жаштагы тургуну Саадат Мурзакулова уулу менен шарты жок, жылан баскан үйдө күн кечирип келет. 18 жашында турмушка чыкканын айткан жалгыз бой эне орто мектепти аяктагандан кийин билим алууну уланткан эмес.

Учурда уулунун жөлөк пулуна гана тамак-аш сатып алышат. Бул тууралуу Саадат Мурзакулова өзү аймактык кабарчыга билдирди. Ал эми жолдошу мындан бир жыл мурун иштеп келем деп кеткен бойдон кабар алган эмес.

«18 жашымда эле турмушка чыгып, бир уулдуу болдук. Турмуш шартыбыз оор болгондуктан ар кимдин үйүнө барып, жалданып иштеп келем. Айрымдары акыма азык-түлүк берсе, айрымдары акча беришет. Уулум азыр 4-класста окуйт. Балама ай сайын 800 сом жөлөк пул алам. Ошол каражат менен 1 ай жашайбыз. Туугандарыма буга чейин кыйналганымды айткан эмесмин.

Быйыл жөлөк пулдан үнөмдөп жатып, үйдүн короосуна алма, өрүктүн көчөттөрүн отургуздум. Жолдошум 1 жыл мурун иштеп келем деп үйдөн чыгып кеткен бойдон жок.

2 жылдан бери үйдөн жылан чыгат. Быйыл октябрь айында эле суук түшүп, кар жаап, электр жарыгы өчүп калды. Бир күнү уулум экөөбүз үйдө уктап жатканбыз. Эртең менен турсам жанымда жылан туруптур. Өзүм дагы коркуп кеттим. Дароо баламды чагып албасын деп эшикке көтөрүп чыктым. Ошондон бери үйдө жылан пайда болуп, уулумду чагып албасын деп түнү менен кайтарып жатам», - деди С.Мурзакулова.

Бул үй-бүлөгө айыл өкмөттөн кышкысын жардам берилип турат. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Марипов жакында С.Мурзакулова менен уулу жашаган үйгө терезе салынганын айтты.

«Жыл сайын кышында азык-түлүктөн, көмүрдөн жардам берилет. Быйыл дагы үйүнүн терезелерин салып берип, көмүр түшүрдүк», - деди Б.Марипов.

Ошондой эле айылдаштары да мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам көрсөтүп турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×