Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 21.11.2018 11:16 На русском

Ноокаттын Борко айылында милициянын мекемеси ачылды (фото)

Turmush -  Кечээ, 20-ноябрда Ноокат районунун Борко айылында коомдук алдын алуу борбору ачылды. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Маалым болгондой, бул демилге аймактык тескөөчү эл менен тыгыз иш алып барышы үчүн көтөрүлгөн. Анын ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аймактык тескөөчүлөр жана жергиликтүү эл катышты. Бул борборду ачууга жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом жумшалган. 3 бөлмөлүү борбордо 3 компьютер, принтер, керектүү эмеректер, эмерек орнотулган. Ошондой эле спорт зал, теннис, бильярд, турник, брус орнотулуп, бардык шарттар түзүлдү.

Мындан мурда ушундай эле атайын коомдук алдын алуу борборлору аталган айыл аймактын Ак-Булак, Көтөрмө айылдарында ачылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×