Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 21.11.2018 11:08 На русском

Кара-Таштагы маданият үйү 32 жылдан кийин биринчи жолу капиталдык оңдоодон өттү (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн имараты толугу менен оңдоодон өттү. 32 жыл мурда курулган имараттын ичи талапка жооп бербей калган, деп билдирди айыл өкмөттүн башчысы Баатыр Мамарасулов.

«Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен жалпы 1 млн 674 миң сом каражат бөлүндү. Оңдоо иштери жай айларында башталган болчу. Бүгүн, 21-ноябрь күнү бүткөрүлдү.

Биздин айылдык клубга 2000-жылдарга чейин кыргыз эстрадасындагы көптөгөн ырчылар келишти. Ошондой эле жаштар үчүн бий кечелери уюштурулуп турган.

Акыркы жылдары имараттагы полдун 70 пайызы чирип калган эле. Эми эшик-терезелери да алмаштырылды», - деди Баатыр Мамарасулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×