Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 19.11.2018 13:10 Жаңыланды: 19.11.2018 13:56 На русском

Сүрөт: Ноокаттагы жол кырсыктан 2 унаа талкаланып, 48 жаштагы айдоочу каза болду

Turmush -  Ноокатта 2 унаанын катышуусундагы жол кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы айдоочу каза болуп, 1 адам ооруканага жеткирилди. Бул кырсык тууралуу маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, окуя 18-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында болгон. Райондун 1968-жылы туулган тургуну Р.С. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жаткан. Ал Кулатов айыл аймагынын Кызыл-Булак айылындагы Т.Кулатов көчөсүнө жеткенде каршы багыттагы «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаасы менен кагылышкан. Экинчи унааны ушул эле райондун 1970-жылы туулган тургуну М.А. башкарып жүргөнү такталды.

Окуянын кесепетинен «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу оор жаракат алып, Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жетпей каза болгон. Ал эми биринчи унаанын айдоочусу денесинен жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилди.

Учурда Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×