Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 19.11.2018 11:15 На русском

Ноокаттагы жол кырсыктан жабыркаган 21 жаштагы жигит көз жумду (талкаланган унаанын сүрөтү)

Turmush -  Ноокатта автоунаа кырсыгынан эс-учун жоготуп, ооруканада жаткан 21 жаштагы жигит өзүнө келбей каза болду. Бул маалыматты Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынан тастыкташты.

Маалым болгондой, кырсыкка учураган жабырлануучу 24 күн ооруканада жаткан. Ал эми дарыгерлердин айтымында, анын өмүрүн сактап калуу үчүн борбор калаадан тажрыйбалуу дарыгерлер чакырылган болчу.

Буга чейин каза болгон жигиттин туугандары күнөөлүү адам жоопко тартылбай жатканын айтып чыгышкан.

Кырсык тууралуу:

2018-жылдын 26-октябрында саат 22:30 чамасында Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Баглан айылында унаа кырсыгы катталган. Ноокат районундагы Беш-Буркан айылынын 1997-жылы туулган тургуну А.Исамидин өзүнүн «ВАЗ 2106» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жаткан. Анын артынан Ноокат районунун тургуну Ж.М. башкарган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасы келип, жолдун жээгине чыгара сүзгөн.

Анын кесепетинен «ВАЗ 2106» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу денесинен жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Тиешелүү органдар бул факты боюнча Ноокат РИИБ тарабынан экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×