Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 15.11.2018 18:08 Жаңыланды: 15.11.2018 18:44 На русском

Ноокаттагы базардан алтын шакек уурдаган шектүү келин кармалды

Turmush -  Ноокаттык келин базардан алтын шакек уурдаган деп шектелип жатат. Булактардын маалыматы боюнча, райондогу борбордук базардан мындан 1 ай мурда алтын жасалгалар уурдалган. Ал эми шектүү келин базардагы видеокамера аркылуу табылды.

Ош ОИИБдин билдирүүсү боюнча, уурулукка байланыштуу факты 27-октябрда катталган. Ошол күнү күндүз 1983-жылы туулган жабырлануучу (аял киши) кайрылып, «Акыл» базарында алтын жасалгаларды сатуу менен алектене турганын айткан. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, бир даана алтын шакегин аял киши уурдап кеткен. Уурдалган алтын шакектин базардагы баасы 4 миң сомду түзөт.

Ноокат РИИБи тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, шектүү катары аял киши кармалган. Учурда ага Кылмыш-жаза кодексиндеги 164-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүү, Ноокат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×