Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 13.11.2018 12:16 На русском

Мекендештер: Индонезияда өрт өчүрүүчү болуп иштеген учкуч А.Ашимовдун көк асмандагы жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Индонезияда 2 жылдан бери өрт өчүрүү кызматында учкуч болуп иштеген Абдумалик Ашимов бул кесипти 3-классынан баштап кыялдана баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Эӊ кызыгы, мен учкуч болууну 3-классымда кыялдандым. Ал кезде көп балдар учкуч, космонавт болобуз деп айтышчу. Бирок, алар жөн гана башкаларга мактануу үчүн айтып калышчу. Анткени көбү учкуч жөнүндө анчейин түшүнө берчү эмес. А, мен учкучтар жөнүндө окуяларды угуп, алар каяктан билим алып, кантип учкуч болорун билип чоӊойдум. Себеби, биздин үйдө эӊ улуу байкебиз учкучтардын окуусуна тапшырган. Ал окуу жайдан тик учактардын жанынан же учакты айдап жаткан учурунда сүрөткө түшүп, аларды үйгө алып келчү. Мен ал сүрөттөрдү көпкө карап, баам салып, катуу таасирленчүмүн. Мектепте мугалимдер "ким кайсы кесипти тандады, келечекте ким болгуң келет?" деп сураганда, өзүмө ишеничтүү түрдө "учкуч болом" деп айтчумун. Ошол тилегиме, кыялыма жеттим десем болот», - деди ал.

Абдумалик Ашимов 1977-жылы Ош облусунун Кадамжай районунда төрөлгөн.

«3 жашымда атамдын туулган жери Ноокат районуна көчүп барган экенбиз. Билим жолум ошол Ноокаттагы мектепте башталып, кийин 1994-жылы Бишкектеги Аскердик авиациялык учкучтарды даярдоо училищасына тапшыргам. 1997-жылы аны аяктап, КРдин куралдуу күчтөрүндө учкуч катары кызмат өтөп, андан кийин 5 жыл ӨКМде учкуч болуп иштедим. Азыр шартыбыз туура келип калганда чет өлкөлөргө да чыгып иштейбиз. Тактап айтканда тик учакка байланыштуу жумуштарды, жетүүгө оор болгон жерлерге товар же кишилерди жеткирүү иштерин аткарабыз. Буга улай Индонезияда 2 жылдан бери өрт өчүрүү кызматында иштеп келе жатам. Буга чейин Ооганстанда да иштеп келгенбиз. Башка өлкөлөрдөн да буйрутма түшүп калса, барып иштеп келип жатабыз», - деди ал.

Абдумалик Ашимов Индонезияда кадимки «МИ-8» тик учагын айдап иштейт.

«Индонезияда өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгеги жакшы бааланат. Алар өрт өчүрүүгө биздин союздун "МИ-8" үлгүсүндөгү тик учакты колдонушат. Биз бул жактан учак менен барып, анан ал жактан ушул тик учактарга отурабыз. Өзүӊөр билгендей, Индонезияда кыш болбойт. Эки эле сезону бар. Жаан сезону жана кургакчылык сезону. Кургакчылык мезгилинде ар кайсы жеринен өрт чыга берет. Жергиликтүүлөр үчүн бул көнүмүш адат. Ошол учурда тик учак менен өрт өчүрүп иштейбиз. Алардын бизге болгон мамилеси жакшы. Жумуштун шартын абдан жакшы түзүп беришкен. Кээде жумуш чынында көп болот. Аябай чоӊ жерлер өрттөнүп, көп күн тынбай өчүрүп иштөөгө туура келет. Ал күндөрү кошумча акы каралат.

Биз Кыргызстандан бир экипаж болуп барганбыз. Ошондо бир экипажда 3 киши болот. Дагы бир башка компанияда 2-3 кыргыз иштейт. Бир гана биз эле эмес, мурдагы союз өлкөлөрүнүн учкучтары атайын иштегени чет өлкөгө чыгып турушат», - деди ал.

Түздүктө учкан учкуч менен тоолуу аймакта учкан учкучтун айырмасы бар экенин да кошумчалады.

«Албетте, мен жумушка кеткенде үйдөгүлөр сарсанаа болушат. Өзүӊө сак бол, кудайым сактасын деп калышат. Жакшы тилек менен асманга көтөрүлүүдөн башка айла жок. Бул менин сүйгөн кесибим да. Орустар айтат го, карышкырдан корккон токойго барбайт деп. Антип корко берсек, анда учкуч болууну кандай зарылчылыгы бар. Жаман нерселерди ойлобогонго, кырсыктарды эстебегенге аракет кылып иштей беребиз. Жерде деле автоунаалар кагышып жатышпайбы. Бул эми кудайдын жазганы.

Биздин жер тоолуу аймак болгону үчүн учкучтар жакшы бааланат. Себеби, түздүктө учуп жүргөн учкуч менен тоолуу аймакта учкан учкучтун айырмасы бар.

Азыр мен жаш курагым боюнча пенсияга чыккам, бирок жарандык тармакта ишимди улантып жатам. Мүмкүнчүлүк болсо ушул жумушту өмүрүмдүн аягына чейин уланткым келет. Тилегеним, балдарыма билим берип, бутунан тургузуп, жаркын келечегин түзүп берсем дейм», - деди ал.

Абдумалик Ашимовду достору, туугандары «Летчик» деп аташат.

«Эӊ алгачкы жолу тик учакка 1997-жылы отурдум. Анда окуу жайда атайын практика кылып учканбыз. Ошондо биринчи жолу учкучтардын ордуна отуруп айдап көргөнбүз. Бирок, башкарууну толук берип койбойт. Жаныӊда инструктор отуруп ал дагы башкарып барат. Ошол себептен ал кездерде оӊой көрүнөт. Ар бирибиз келип конгондо, жердегилерге оӊой эле экен деп мактанчубуз. Ошентип акырындан үйрөтүп жатып, акыры толугу менен башкарууну берет.

Бул окуу жайга деле оӊой алчу эмес. Эӊ алгач эле медициналык кароодон өтсөӊ калганы бир аз жеӊилирээк болот. Менин ден соолугум чыӊ болуп өтүп кеткем. Бир нече бала тапшырабыз деп барып, көбү ошол медициналык кароодон өтпөй калган. Досторум, кээ бир туугандарым мени "Летчик" деп чакырышат. Учкучтардан такыр эле алыс, алар жөнүндө түшүнүгү жок досторум биздин жашоо жөнүндө, жумушубуз, асман, учак тууралуу ар кандай суроолорду берип, кызыктуу окуялардан сурай беришет», - деди ал.

Учкуч үй-бүлөлүү, 1 кыз, 2 баланын атасы.

«Мен 31 жашымда үйлөндүм. Улуусу кыз, калганы уулдар. Кызым 3-класс, экинчиси 1-класста, кичүүсү бала бакчага барат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×