Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 13.11.2018 10:52 На русском

Ноокатта бешикте жатканда комага түшкөн 4 айлык наристе эсине келди

Turmush -  Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүндө 22 жаштагы келин 4 айлык баласынын дене табы көтөрүлгөнүнө карабай, бешикке бөлөп койгон. Мындан улам наристе комага түшкөн. Бул тууралуу Ноокат аймактык ооруканасынан билдиришти.

Наристенин апасы 8-ноябрь күнү кечинде баласын бешикке бөлөп, ал уктап калган. Ал баласынын комага түшүп калганын эртең менен байкап, Ноокат аймактык ооруканасына кайрылган. Наристе 4 күндөн кийин эсине келген.

Учурда наристенин абалы жакшырып, кечээ, 12-ноябрь күнү Ош облустар аралык балдардын ооруканасына которулду. Ал эми дарыгерлер наристеге кам көрүп, энеге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×