Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусуНоокат району 12.11.2018 15:16

Өлкөдөгү райондор аралык волейболдо ноокаттыктар жеңүүчү болду

Turmush -  Райондор арасында волейбол боюнча өткөрүлгөн Кыргызстандын биринчилигинде Ноокат району жеңишке жетти. Бул тууралуу райондун спорт инструктору Ыслам Кожоев билдирди.

«9-ноябрда райондор аралык волейбол мелдеши башталып, 11-ноябрда аяктады. Ага 15 район катышып, Ноокат районунун командасы жарым финалда Баткен районунун оюнчуларын 3:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Ал эми финалда Ноокат менен Тоң району бет келип, жыйынтыгында 3:0 эсебинде ноокаттыктар жеңишке жетти. Жеңүүчү командада Кыргызстандын курамасындагы ноокаттык эки жигит ойноду», - деди Кожоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×