Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 12.11.2018 14:13 На русском

Ноокаттык ата-бала жайлоодогу карышкыр менен чөөлөрдү атып өлтүрүштү (видео)

Turmush -  Ноокат районунун Абшыр-Ата, Капчыгай жайлоолорунда мал-жандыктарга кол салып жүргөн 1 баш карышкыр, 2 чөө атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин аңчысы Мавлян Кенжеев кабарчыга билдирди.

8-ноябрь күнү Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын элдеринин суранычы боюнча жапайы жырткычтарды жок кылууга бир топ мергенчилер чыккан. Анын алкагында аңчы Мавлян Кенжеев, анын уулу Шарабидин Абжалиев жана Анарбай Шамшиев биргеликте 1 карышкырды, 2 чөөнү атып өлтүрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×