Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 01.11.2018 14:37

Ноокат шаардык милиция бөлүмүнө генерал-майор Мурзали Абдрахмановдун ысымы ыйгарылат

Turmush -  Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгы жана милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы Ноокат районунда да белгиленди. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

Анын урматына милициянын 4 ардагери, 9 кызматкер ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, Ноокат шаардык милиция бөлүмүнө милициянын генерал-майору Мурзали Абдрахмановдун ысымы ыйгарыла турганы маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×