Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 11.11.2018 21:51

Өзгөчө ысымдар: Россиялыктарды таң калтырган Черебай, 4 уулдан кийин төрөлгөн Копай... (сүрөт)

Turmush -  Тарыхчылар, санжырачылар балага коюлган ысым анын тагдырына, мүнөзүнө таасир берерин айтып келишет. Ал эми айрымдар ысымын өзгөртүүнү каалашса, кээ бири ысымы менен сыймыктанат. Turmush басылмасынын кабарчылары өзгөчө ысымдуу жашоочулар менен тааныштырууну улантат.

----------------------------------------------------------------------------------

Ноокат районунун Кара-Таш айылынын тургуну Черебай Амановдун ысымын чоң энесинин апасы койгон. Менин ысымым Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдө жок, дейт Аманов.

«Атымды чоң энемдин апасы койгон. Чоң атабыз элди багып, 103 жашка чыгып каза болгон экен. Ошондой көп жашап, бай болсун деп чебере, бай деген мааниде коюлган ат экен. 20 жашка келгенге чейин атымды өзгөртөм деген ойлор болгон. Маанисин билген соң сыймыктанып калдым. Көп жылдан бери Орусияда эмгектенем. Орустар угуп таң калышат, алар "Черепай" дешет», - дейт Ч.Аманов.

Черебай

Ал эми Эхтираз Сүйөркул кызы Өзгөн районунун тургуну. Анын ысымы жүрөктөгү сезим деген маанини түшүндүрөт.

«Атымды уккандын баары суктанышат. Ысымымдын маанисин толук билбейм, бирок жүрөктөгү ыйык сезимди билдирет. Атам кыргыз, апам түрк болгондуктан ушундай ысым коюлган. Бир ирет ысымыма байланышкан кызык окуя болгон. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен жыйынга катышып, андан соң бир жерге барып калдык. Баарын түшүрүп жатышат. Акырында мен калдым. Сырттагы эже "Эхтиразды да түшүрүп коюңуз" деп орус улутундагы байкеге кайрылса, ал автобустун ичин аңтарып, "а где Эхтираз, нету. Я не вижу" деген эле. Көрсө, ал Эхтираз деген буюм деп ойлоптур. Ысымым жан дүйнөмө да таасир берип, ыр жазып калсам керек. Эки китебим жарык көргөн», - деди Эхтираз Сүйөркул кызы.

26 жаштагы Булутбек Болотбековдун ысымын чоң атасы койгон. Булутбек Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургуну.

«12-декабрда асманды булут каптап турган убакта төрөлгөн экенмин. Булуттай ак пейилдүү, ак көңүл, таза болсун деген ниетте коюлса керек. Мен акыл тартып чоңойгончо чоң атам каза болуп калган. Ысымымды биринчи укканда тамашалап жатат деп кайра сурашат. Таң калгандар болгону менен Булут ысымдуу беш адамды билем», - дейт Болотбеков.

Булутбек ысымына жараша ак көңүл экенин, бирок ачуусу келсе бат түнөрүп каларын кошумчалады.

Паспорттогу ысымы Гаухарай Сахибованы ата-энеси тарап Копай дешет. Өзбекстандык кыргыз Копай 30 жылдан бери Ошто жашайт. Учурда 57 жаштагы Г.Сахибова 1 уул, 1 кыздын апасы.

«Ысымым документте гана Гаухарай. Турмушка чыкканча Копай ысымы менен жүрдүм, азыр деле туугандарым ошентип аташат. Төрт уулдан соң мен төрөлгөндүктөн кыз бала дагы төрөлсүн, көбөй деген мааниде коюшуптур. Гаухарай атым өзүмө жагат», - деди ал.

434

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

21.04.2018Фото — ОшМУнун эң сулуу кызы аталган Ванесса ата-энеси, өзгөчө ысымы жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди
02.08.2017Фото - Ак-талаалык Ш.Жанболотов уулдарына 23 тамгадан турган өзгөчө ысымдарды ыйгарды
22.08.2018Сиявуш, Авангард, Сагыйпа — өзгөчө ысымдуу кыргызстандыктар
23.08.2018Өзгөчө ысымдар: Ысык-көлдүк Форель Өмүралиев Тюлень, Акула, Орёл аттуу бир туугандары тууралуу айтып берди (фото)
23.08.2018Сүрөт: Спартак, Армияс, Анзират, Салюткан — өзгөчө ысымдуу кыргызстандыктар
14.10.2018Өзгөчө ысым: Ак-Талаадагы жубайлар Кимсан, Кабусан, Нафтуза жана Пакиза аттуу уул-кыздарды тарбиялашты (сүрөт)
17.10.2018Коммунисбек аттууларды тапсам, тай союп берем, - Өзгөчө ысымдын ээси Өмүркулов (сүрөт)
22.10.2018«Өзгөчө ысымдар»: Советбек, Союзбек аттуу бир туугандуу Комунизбек 31 жылдан бери элдин тишин дарылайт (сүрөт)
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×