Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 29.10.2018 08:56

Ноокаттагы оорукананын жаңы имараттары: Эми бейтаптар реабилитациялык жардам алып баштайт (сүрөт, видео)

Turmush -  Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагында Ноокат аймактык ооруканасынын патологиялык анатомия жана реабилитация бөлүмдөрүнүн имараттары ачылып, пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге өлкөнүн бардык аймагынан келген дарыгерлер катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ноокат аймактык ооруканасына тиешелүү патологиялык анатомия жана соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жаңы имараты оорукананын бюджетинен каржыланып, 2 млн 800 миң сомго курулду. Бөлүмдө дарыгерлер каза болгон адамдын өлүмүнүн себебин аныкташат. Имарат азырынча эски аппараттар менен жабдылды, жаңылары жакынкы күндөрү алынып келет. Бул бөлүмдүн мурунку имараты эски жана шарты начар болгон.

«Буга чейин эски имаратта иштеп келгенбиз. Анын шарты абдан жаман болчу. Жаңы имаратта патологиялык анатомия иштери аткарылат, гистологиялык аппарат да бар. Бул жерде ооруканада оорусунан улам каза болгон адамдын жансыз денесине текшерүү жүргүзөбүз. Көбүнчө каза болгон жарандардын жакындары изилдөөгө каршы болот. Ошондой болсо да айына 5-6 жансыз денени изилдейбиз», - деди патологиялык анатомия бөлүмүнүн башчысы Заирбек Эргешов.

Ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дарылоочу реабилитациялык бөлүмдүн имараты ачылып, пайдаланууга берилди. Анын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, 30 млн сом жумшалган. Мындан сырткары Германия, Кытай, Америка, Россия өңдүү өлкөлөрдөн алынып келген 15 млн сомдук лабораториялык изилдөөчү аппараттар менен жабдылды. Имарат 25 орунга ылайыкталып, анын 8 орунунда балдар дарыланат. Бөлүмгө атайын 2 дарыгер жана 3 медайым даярдалган.

Ноокат аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Асамидин Мариповдун айтымында, ооруканада буга чейин 2 бөлүмдүн имараты пайдаланууга берилген.

«Биз бул бөлүмдүн ачылышы менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сапаттуу медициналык жардам берүүнү көздөп жатабыз. Эми бул бөлүм жарандарды кабыл алууну баштайт. Бөлүмдү эмеректер жана тиешелүү лабораториялык изилдөөчү аппараттар менен жабдыдык. Мындан сырткары патологиялык анатомия жана соттук-медициналык экспертиза бөлүмүн да ачтык. Бизде бул кызмат бир топ артта калды эле. Бирок мындан ары кызматыбыз жакшырат деп ойлойбуз», - деди А.Марипов.

Аталган ооруканада жылына 25 миң адам дарыланат. Ооруканага жылына жүрөк оорусу менен жабыркаган 1200гө жакын адам кайрылса, алардын 30 пайызы оор абалдагы бейтаптар болуп саналат. Ошондой эле күнүнө 100гө жакын жаш балдар ар кандай оорулар менен кайрылып, дарыланат. Бул бөлүмдөрдөн сырткары кийинки жылы шашылыш медициналык жардам көрсөтүү жана төрөткана бөлүмүн куруу пландалып жатат. Ооруканада жылына 10 миңдей бала төрөлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×