Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 26.10.2018 19:04 На русском

Видео: 8 жаштагы кызына сексуалдык аракеттерди кылды деп айыпталган шектүүнү айылдаштары колдоп чыгышты

Turmush -  Өзүнүн 8 жаштагы кызына сексуалдык аракеттерди кылган деп аялы тарабынан айыпталып жаткан ноокаттык тургундун жакындары куру доомат жабылганын айтып чыгышты. Окуучу кыздын атасы Бишкекке айдоочу болуп каттагандыктан бир жумада 4 күн гана үйүндө болуп, башка убактысы жолдо өтүп келген.

Кесиптештеринин бири Эркин Кутуевдин айтымында, 8 жашар кыздын атасы эч кимге зыянын тийгизе турган адам эмес.

«Азыр бир тараптуу маалымат таркап жатат. Бул баланы мен 10 жылдан бери тааныйм. Башка айдоочуларга окшоп кыздарга дагы тийишкен жан эмес. Үй-бүлөсүн багам деп Россияга чейин барып, иштеп келген. Быйыл жолдун боюнан контейнер алып, аялын соодага чыгарган эле. Аялынын берген көрсөтмөлөрү жалган, ал эси жоктук кылып жатат. Мен бул сөздөргө ишене албайм», - деди ал.

Ал эми айылдашы Искендер Набиев айыпталып жаткан жердешин жаш кезинен бери биле турганын, ал балдарын жакшы көрөөрүн айтты.

«Аялы намаз окуйт дептир. Бул сөзү дагы жалган. Анткени ал баланын намаз окуганын көргөн эмесмин. Тиричиликке тың, балдарын аябай жакшы көрчү. Азыр аны камап коюшуптур. Ур-токмокко алып, бул ишти мойнуна алдырып койбошу керек. Анын акталып чыгышына ишенем. Мындай жолго бара турган адам эмес», - деди И.Набиев.

Айдоочулардын бригадири Абибилла Ажыматовдун айтымында, ал 15 жылдан бери Бишкекке каттайт.

«Бул баланы аябай жыкшы билебиз. Аялы деле биздин айылдан. Кайненеси менен кошуна жашашат. Үйдө казан-аяк кагышышы мүмкүн, бирок кызына ыпылас аракеттерди кылды деген сөзгө кошула албайм», - деди ал.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдиргендей, арызданган аял денесине жаракат алганы аныкталган.

«Соттук эспертизадан аялынын денесине жаракат келтирилгени аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесиндеги 2-бөлүгүнүн 4-пункту (уруп-согуу, кыйноо) боюнча күйөөсүнө кылмыш иши козголду. Ал эми кызын зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча акыркы бүтүм чыга элек. Анын кыздык белгиси бүтүн. Ыпылас аракет жасалганы боюнча кыздын, апасынын көрсөтмөсү кайрадан каралып, экспертизанын корутундусу дарыгерлердин кеңешмесинде карала турган болуп жатат. Азырынча кызга байланыштуу экспертизанын жыйынтыгы толук чыга элек», - деди Ж.Аширбаев.

Арызданган аял кызы менен баласын ээрчитип, 22-октябрда Ош шаарындагы кризистик борборго кайрылганы маалымдалган. Анын айтымында, күйөөсү эшикке чыгарбай, үйүндө зордук-зомбулук көрсөтүп келген. Акыры качып чыкканын айткан болчу.

Ал эми айыпталуучу алгачкы көрсөтмөсүндө кызына ыпылас аракет жасаганын мойнуна алган эмес. Жубайы телефондон башка адамдар менен жазышканы үчүн кол көтөргөнүн айткан.

Кийинчерээк Ноокат райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Равшан Мурзаев бул үй-бүлөнүн абалы тууралуу айтып берди.

«Ал үй-бүлөнүн социалдык абалы жакшы экен. 24-октябрда үй-бүлөнүн абалы менен жеринде таанышып, мектептеги мугалимдер менен да сүйлөшүп келдик. Кыздын апасы элге аралашып эле жүргөнүн айтышты. Ошондой эле аял эч кимге арызданган эмес. Кызын ооруканага да алып барбаптыр. Жолдошу 4 жылдан бери ичпей калган. Кризистик борборго барып, келинден кабар алдык. Келиндин айтуусунда, күйөөсү ичип алып ошол ишке барыптыр», - деди Равшан Мурзаев.

Арызданган аялдын билдирүүсү (видео) бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×