Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 25.10.2018 11:42 На русском

Ноокаттык соодагердин үйүнөн 1,7 млн сомун уурдап кетишти

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү айылдардын биринде соодагер ири суммадагы акчасын уурдатты. Булактар аркылуу маалым болгондой, белгисиз адамдар соодагердин үйүндөгү сейфте катылган 1 млн 700 миң сомун карактап кетишкен.

Ош ОИИБдин маалыматы боюнча, бул окуя 2018-жылдын 1-сентябрында болгон. Ошол күнү үйдө эч ким болгон эмес. Бейтааныш адамдар үйдөн чыгып бара жатканын кошунасы байкап калып, милицияга кабар берген. Бирок уурулар из жашырып кетүүгө жетишкен.

Уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×