Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ош облусуНоокат району 24.10.2018 14:21

Союз учурунан бери Ак-Булак айылындагы жол оңдоло элек, - жашоочулар

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылындагы жолдо унаа менен жүрүүгө мүмкүн болбой калды, дешет жашоочулар. Айдоочу Замир Сатар уулунун айтымында, СССР убагында төшөлгөн асфальттан эч нерсе калбай, жолдордон таштар чыгып баштаган.

«Айыл өкмөттүн имаратына чейинки жол оңдолуп, биздин айылга кетүүчү 3 чакырым жол каралбай, оңдолбой калды. Жылына акча бөлүндү, оңдойбуз дешет, бирок жыйынтык жок. Жолду жайында чаң, кышында ылай каптайт. Союз убагында айылыбызда чоң малкана жайгашып, ошондо жол асфальтталган экен.

Азыр 10 күндө бир унаабызды оңдотуп турууга туура келет. Ага 8 миң сомдой каражат сарпталат», - деди Замир Сатар уулу.

Ал эми Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты Элмурат Жеңиш уулу жол кийинки жылдын планына киргизиле турганын айтты.

«Айылда таза суу чыгарылып, жолдор кеңейтилип жатат. Ак-Булак айылынын жолун оңдоо иштери кийинки жылга калтырылды», - деп билдирди жергиликтүү депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×